Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Манастын” маани-маңызын ачкан аалым

“Манастын” маани-маңызын ачкан аалым

24-май, 19:30
531 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

СССР ыдырап, кулаган 90-жылдардагы социалдык-экономикалык, каржылык кризис башталып, маданиятка көңүл бурулбай калганда Академик Д.С.Лихачев “не устаю повторять: если мы действительно хотим создать нормальное общество, если мы хотим экономического, политического, научного развития, то не откладывая надень будущий, надо сейчас, сегодня – при пустых полках магазинов, вопреки убеждению “сначала дать хлеб, а потом пищу духовную” во что бы то ни стало принимать срочные меры по поднятию культуры” деп адабият, маданияттын коомдогу ордун, маанисин баса белгилеп, руханий жардылык болгон жерде өсүп-өнүгүү болбой турганын, маданиятты көтөрүү үчүн кечиктирилгис чараларды көрүү зарыл экендигин орус бийлигинин кулагына куюп жүрүп өттү. Даанышман окумуштуу, нагыз академиктин насыйкатына кулак салган орус бийлиги өлкөсүн мүдүрүлткөн кризистен алып чыгып, эли өнүгүүнүн кербен жолуна түшүп, азыркы учурда дүйнөдөгү гегемондуулукту көздөп турган чагы. 

Анын сыңарындай, көрүнүктүү сынчы, адабиятчы Советбек Байгазиев элибиздин көөнөрбөс маданий мурасы болгон, руханий турмушунда өзгөчө орунду ээлеген “Манас” эпосунун асыл нарктарын изилдөө багытында бел чечпей иштеп, ааламдашуунун шары менен улуттук кыртыштан алыстап бараткан, руханий жакырчылыкты башынан өткөрүп, ата наркынан кол жууп жаткан кыргыз коомуна, кризистен башы чыкпаган, коррупциядан арылбаган бийликке улуу “Манастын” руханий, адептик-ыймандык, идеялык-философиялык, патриоттук баалуулуктарынан ибарат айтып, отуз жылдан бери талыкпай изилдеп келатат. С.Байгазиев чалкыган океандай “Манас” эпосунун жалпы адамзаттык, улуттук дөөлөттөрүн терең изилдеп, Манас, Бакай, Кошой, Жакып, Алманбет, Сыргак, Чубак, Каныкей сыяктуу монументалдуу образдардын фундаменталдык руханий баалуулуктарын экзистенциялык, адеп-ахлактык, эстетикалык аспектиден ичкериден изилдеп ачып берген олуттуу илимий эмгектерин, окуу китептерин, окуу куралдарын, илимий-популярдуу китептерин жаратты. Алардын саны кырктан ашат, жалпы көлөмү 200 басма табак. Бул кыргыз адабият илими, философиясы, педагогикасы үчүн билген кишиге өзүнчө келечек муунга таберик болор опол тоодой эмгек, руханий дөөлөт, чоң сыймык. 

Советбек Байгазиев Манас таануу илиминин тарыхында жаңы багытты ачты. “Манас” эпосундагы моралдык-этикалык дөөлөттөр, патриоттук идеялары мурда-кийин изилдөөнүн предмети болуп, аксиологиялык аспектиден каралган эмес. Эпостогу көркөм дөөлөттөрдү, моралдык-этикалык баалуулуктарды изилдөөгө автор кокустан киришкен эмес. Ага объективдүү жана субъективдүү шарттар себеп болгон. Жаш муундардын илим-билимдүү кылып тарбиялоо маселеси С.Байгазиевди түйшөлтүп, көкүрөгүн тээ 70-жылдардан бери өйүп, тынчтык бербей келаткан көйгөйлөрдүн бири болгон. Ошон үчүн ал “кой үстүндө торгой жумурткалаган” бакубат заманда дүйнө капар жашап жаткан жаш муундарга кайрылып, “Иниме катты” жазган. Инсандын калыптануусун социологиялык, психологиялык ыңгайдан иликтеген бул публицистика 80-жылдары жаштар арасында чоң резонанс жаратып, колдон-колго өтүп окулган чыгарма болгон. Ала-тоолук жаштардын бир нече мууну “Иниме каттан” таалим алып, калыптанып, жетилди. Азыркы жаш муундар аны мектеп программасынан окуп үйрөнүп жатышат. Ал эми коомду саясый-экономикалык, социалдык-маданий жактан кардиналдуу өзгөрүүлөргө тушуктурган рынок заманында жаштар эле эмес, жалпы эл кыргыз коому чоң руханий жакырчылыкка кабылып, коомдо ар түрдүү секталардын, алтургай тыюу салынган реакциячыл диний секталардын идеялары жайылып, өлкөдө идеологиялык вакуум тузүлгөн кыйын кырдаалда С.Байгазиевдин “Манастагы” моралдык-этикалык баалуулуктарды алаканга салгандай ачып берген эмгектери улуттук руханий башаттардын көзүн ачып, коомго идеологиялык азык болуп берди. Руханий жакырчылыктын кесепетинен кургуйга кулап бараткан жаш муундарды татыктуу тарбиялоо маселеси кабыргасын кайыштырып келатат. Ушундай объективдүү себептерден улам илимпоз “Манастын” залкар дүйнөсүнө кайрылып, келечек муундун камын жеп, эл тескери идеологиялардын бороонунда буюгуп, карайлап жол таппай турганда Манастын туусун көтөрүп, өчкөн отун тутантып, фундаменталдык изилдөөсүн талыкпай жүргүзүп, “Манас таануу” аттуу бараандуу изилдөөсүн жаратып, каруусун казык, канын азык кылып эмгектенип келатат. 90-жылдардын башында өзү демилге көтөрүп, И.Арабаев атындагы университетте “Манас” эпосун мектептерде жана жогорку окуу жайларында окутуу” деген темада республикада биринчи жолу илимий-практикалык конференция уюштуруп, эпосту октуунун проблемаларын талкуулаган. Ошондон кийин ”Улуу Манас” – улутубуздун тил жана дил бешиги”, “Кыргыз журту ободогу бүркүттүн көзү менен”, “Инсандын ич жактан жаңылануусунун зарылдыгы”, “Патриархалдык коллективизмден инсандык автономияга карай” аттуу публицистикалык чыгармалары пайда болду.

Советбек Байгазиев адабият айдыңында кара кылды как жарган калыс, илимий-теориялык камылгасы шайма-шай билимдүү сынчы катары таанылган. Анын адабий сын макалалары эстетикалык талдоо, жыйынтыктарынын ынанымдуулугу менен айырмалана турган. Таланттуу сынчынын кыргыз адабиятынын түйүндүү маселелерин илимий өңүттөн караган макалаларында предметке карата принципиалдуу мамилеси, жаңыча көз карашы кашкайып көрүнүп турат. Ошон үчүн кыргыз адабий сынынын корифейи Кеңешбек Асаналиев “сынчы конкреттүү аңгемелерди өтө кылдаттык менен талдоо аркылуу андагы көркөм мүчүлүштөрдүн ички байланыштарын жана анын чыккан тегин аныктоо аркылуу түздөн-түз кеңири жалпылоолорго, жалпы көркөм өнүгүшкө тийешелүү жыйынтыктоолорго өтөт. Сынчынын аналитикалык ой жүгүртүүсү менен синтездештирүү жөндөмүнүн эриш-аркак келиши ушунчалык табигый, ушунчалык куюлушуп, эркин экен, мен бул макаланы мурда окуганда да, азыр окуганда да кудум өнөрчүнүн колунан бүтүп, шык-деминен жаралган кадыресе чыгармадай кабыл алдым” деп С.Байгазиевдин сынчылык өнөрүнө жогору баа берип, суктанган жайы бар. 

Ал илим жолунда да чыныгы илим жаратыш үчүн жанын сабап иштеди. Кандидаттык ишинде кыргыз драматургиясынын көптөн бери чечилбей келаткан чалкеш теориялык маселелеринин башын ачып, докторлук диссертациясында драматургиянын тарыхын андан ары тереңдетип жазды. Илимдеги карьеристтер болсо, өзүнө окшогон шылуун жетекчиси түзгөн альянстын аркасы менен 30 жашында кандидаттыгын эптеп коргоп, 40 жашында докторлугун чампалап, компиляциялык жол менен ыйынып-ычкынып жазган диссертациясынын беш главасын беш китеп кылып чыгарып, “беш монография” деп көрсөтүп жүргөн Турусбек Маразыковго окшоп, колго ала турган бир олуттуу эмгеги, илимге кошкон кылдай салымы жок туруп, наам, даражанын, орден, медалдын артынан түшүп, жулунуп, илимий чыгармачылыгы болсо мөмө бербеген көчөттөй соолуп, куураган, илимпоз сөрөйлөрдү интеллектуалдуу чөйрөдө көрүп эле жүрөбуз. Азыркы учурда мындай “самопал” (А.Сарыбаев) илимдин кандидат, докторлору четтен чыгат. 

Ал эми Советбек Байгазиев тууралуу айтар сөз башка, ал сөздүн чыныгы маанисиндеги окумуштуу, илимдин дыйканы болду, кырманы кызылга толду. Элүү жылдан ашкан чыгармачылык жолунда, мына азыр жетимиш жетиге таяп калганына карабай илимдин артынан түшүп, изденип, илимий изилдөөлөрүн талбай жүргүзүп, жаңы эмгектерди жаратып жатат. Илимге көлөкө түшүргөн халтурщик окумуштууларга окшоп наам, даражанын артынан чуркайын (!) деген ниети да болгон жок. Себеби анын жандүйнөсүнө тынчтык бербеген жаңы идеялар издентет, улуттун келечеги уйкусун бузуп ойлонтот. Ооба, чыныгы окумуштуу гана ушундай чыгармачылык түйшүк менен жашап, илим үчүн ат көтөргүс, төө көтөргүс эмгек кылат. 

Советбек Байгазиевдин педагогика тармагындагы эмгеги да өзүнчө дүйнө. Анын “Нурмолдо – XIX кылымдын агартуучусу жана даанышман педагогу”, “Ак калпак кыргыз калкынын рухий-адептик маданиятынын асыл дөөлөттөрү”, “Калыгулдун этикасы жана педагогикасы”, “Педагогикалык руханият”, “Мугалимге жети кат”, “Ала-Тоодогу агартуу тарыхынын очерки” эмгектери педагогика илиминин азыркы учурдагы жетишкендиктерине таянуу менен жазылып, мугалимдердин чыгармачылык шыгын ойготуп, жаңы идеяларга сугарып, жаңы педагогикалык изденүүлөргө шыктандырган эмгектер болуп саналат. Бул кыргыз педагогикасындагы жаңы деңгээлдеги окуу куралдары жана окуу усулдук эмгектер. Бул китептер мугалимдер дайыма колдонгон кол китепке айланган. Тажрыйбалуу педагог-усулчу катары билим берүү системасына көп эмгек сиңирип, жаңы окуу-усулдук колдонмолорду жаратып, агартуу системасын жаңы деңгээлге көтөрүп, улуу “Манастын” маани-маңызын чечмелеген илимий эмгектери менен улуттук көчтү өргө баштап бараткан кези. 


Аскар Медетов, филология илимдеринин кандидаты 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер