Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмазбек Раимкулов: “Ассоль “боюмда бар” деп жалаа жаап, бирок калпы чыккан”

Алмазбек Раимкулов: “Ассоль “боюмда бар” деп жалаа жаап, бирок калпы чыккан”

07-июнь, 23:29
17 898 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Алмазбек иним менен жай турмуш тууралуу баарлаштык. Жеке турмушу, алдыдагы пландары менен ой бөлүштү. Кыргызстанга келгени бир жылдан ашып, фермерлик, багбанчылык иш менен алек болуп атканын, Ассоль Молдокматова айымга кандайча үйлөнгөнүн, кандайча ажырашып кеткенин жана азыркы жубайы менен кандайча таанышып калганын айта отурду. Албетте, спорт темасы да четте калган жок.  

-- Алмаз, Кыргызстанга келдиң, чарбачылык иштер менен алек болуп атасың. Бир аз артка кайрылып, Ассоль айым менен болгон мамилеңди эске салалы. Бул биздин көп сандаган окурмандарды кызыктырган суроо болуп атат...

-- Чынын айтсам, мен жөнүндө жана менин баардык үй-бүлөмө тийешелүү нерселерди мага караганда эл көбүрөөк билет экен... Биринчи жубайым менен ажырашкандан кийин Ассоль Америкага келип калды. Кээ бир эркектерге окшоп зына кылып жүрбөй, расмий түрдө үйлөндүм. Мечитке барып нике кыйдырып, эркекче эле баш коштум. Сертификат алганбыз. Албетте, ар бир адамдын алдына койгон жакшы ой-максаттары болот эмеспи. Ошол эле учурда башка да ойлору көмүскөдө калбайт. Башында эл билгендей, экөөбүз издешпей табышкан жубайлардай жашадык. Бара-бара Ассоль айымдын “өнөрлөрү” чыга баштады. А мүмкүн мамилебизде келише албастык орун алды... Мисалы, мен эркек катары аялдын үйдө тамак жасап, бала төрөп, аларга тарбия жана ыйман беришин издегендирмин. Эгер андай нерсе болбосо, андан аркы бирге жашоону улантып кереги барбы? Ниетиме, максатыма туура келбегендиги үчүн жаман-жакшы айтышпай, катуу кетпей, жөн эле дос катары ажырашып, азыр ар кимибиз өз жашообуз менен калдык. 

-- Ассоль айымдын көпчүлүк интервьюсунда бир тараптуу, сенин дарегиңе катуу сындар айтылууда...

-- Ооба, “неустойчивый, туруктуу эмес ж.б.” дегендей, эркектин жаман сыпаттамаларын мага багыштап айтыптыр. Эгер Ассоль айым ушунчалык акылдуу экен, анда эмнеге жашоодо мындай катачылыктарга барды? Эмнеге анда мага жүрөгүн, сүйүүсүн арнады? Бу жерде тескерисинче, менден кеткен жок. Американын болгон сыймыктуу жерлери менен кенен-кесири тааныштырып, көрсөтүп чыктым. Биринчи уулун Лас-Вегастагы шоу дүйнөсү менен тааныштырып, сүйлөшүп, бий аземдерине катыштырдым. Экинчи уулун деле эки жакка алпарып, кыргызча айтканда, обу жок эле чалчаңдаттым. Колумдан келишинче болгон аракетимди жасадым. 

-- Мүмкүн сенден да кемчиликтер кеткендир...

-- Ар бир адамда кемчилик бар, идеалдуу адам жок. Менин бир кемчилигим – эч качан аял кишиге, улуу муундун адамдарына, кичинекей балдарга кол көтөрүп, теңата болуп жаман сөз айтпайм. 

-- Кыргызстанга келгени бойдок эмесссиң?

-- Азыр үйлөнгөм, аялым менен жашап жатам. Ал жөнүндө реклама кылып айткым келбейт. Кыргыздын эркектеринде, анын ичинде менин ата-бабаларымда көп аял алган каныбызда бар. Атам, апам жактан сураштырып келсем, чоң аталарыбыз 3-4 аял алган киши болуптур. Алар бир үйдө ынтымак-ырашкердикте, эч бир чыр-чатагы жок жашашыптыр. 

-- Азыркы келинчегиң менен кайдан таанышып баш кошуп жүрөсүң? Америкадан эмес чыгар?

-- Америкадан кайдан таанышам, бу жерден эле. Анүстүнө атам-апам “Америка кызы бизге бүлө болбойт. Кыргыз эле кызына үйлөн” деп былтыр ушу маалда  келишип, аялым экөөбүз кадимкидей эле ЗАГСка катталып үйлөндүк. Чүйдүн кызы, менден 13 жаш кичүү. Жакшы жаңылыктар али алдыда. Кош бойлуу болуп, аман-эсен көз жарсын, анан жарыя болот. 

-- Ага кантип жактың?

-- Азыркы жубайым экөөбүз кыз-жигит болуп бир топко сүйлөшүп жүрдүк. Кыргызда “эшек кыял, жинди мүнөз тамашам” дегендей, менин мүнөзүмдү билсин, ичибизде ит өлүп калбасын дедим. Ансыз деле Ассоль көп интервьюларында “боюмда бар эле. Алмазбек менин боюмдан түшүрүп салды” деген ушак таратып жибериптир. Тууй ата! Уже төрөбөй турган аялдын кандай “выкидышы” болушу мүмкүн? Билбейм... Так нельзя же.

-- Азыркы жубайыңдын эмнесин жактырдың?

-- Мен самаган, максат кылган, мени түшүнө билген айымга жолуктум. Экөөбүздүн ортобуздагы жылуу мамилени сактап калууга умтулган жубайыма мен да түшүнүү менен мамиле кылуудамын.

-- Кыргызстанга келгенден бери эмне иш менен алексиң?

-- Мал чарбачылыгы, багбанчылык, жаңгак көчөтүн тиктим. Дагы 5-6 гектар жерге мөмө-жемиш бактарын тигейин деп турам. Төөкуш, буйвол, лама, төөлөрдү апкелейин деп атам. 

-- Буларың адал жаныбарларбы? Бизде жашап кеталышабы же куру кыялбы?

-- Баары адал жаныбарлар. Алардын баарын баштан-аяк билген үчүн апкелгени жатам. Аларга кандай шарт түзүш керек экенин толук изилдеп аткан кезим. Өзгөчө төөкуш багайын деп атам. Бир жумурткасына 4-5 адам кенен тоёт. Баасы 100 доллар. Эки же ашып кетсе үч жумада бир тууйт. Бу төөкушуң эч бир коромжусуз жаныбар экен. Жадагалса кирпигине чейин сатса болот. Жанагы сулуулук салондо жасалма кирпик бу жакта эле калат. Мындайча айтканда, Америкада жашаган жаныбарлардын баарын биздин шартта өстүрсө болот. 

-- Кыргыздарга жайылтайын деп аткан экенсиң да?

-- Мен айтып аткан жаныбарлардын баарын бир учурда кыргыздар баккан. Илгери индеецтер менен биздин ата-бабаларыбыз Ала-Аскадан (Аляска) Боз-Тонго (Бостонго), андан ары Аруу-Өзөндөн (Аризона), Камчы-Аткага (Камчатка) барышкан. 

-- Алмаз, бу жагын бир аз апыртып бараткансыйсың, менин жездеме окшоп. Андан көрө спорт темасына кайрылалы. Кыргызстанга келгениңе бир жылдан ашты. Спорт академиясыбы, же бокс мектебин ачайын деген оюң барбы?

-- Андай ойлорум тээ Америкада жүргөндө эле бар болчу. “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” дегендей, бу жерде жетекчилерибиз өз көмөчүнө күл тартып, өзүмчүлдүк күч экен. Кыргызстанды ойлобогондору азыркыга чейин мени өкүндүрөт. Анын баарын маал-маалы менен жашырбай эле айтып келатам. Бул боюнча Садыр Жапаров менен да сүйлөшкөм. Президент “академия ачып беремин. Ар жыл сайын Азия чемпионаты, эки жылда дүйнө мелдеши, а төрт жылда олимпиада оюндары болот. Жыйынтыгы, бийик көсөткүчү менен” дейт. Туура айтат, чын-чынына келгенде азыркы деңгээлибиз өткөн кылымдагы 90-жылдардын башындагыдан ашпайт. Ошол заманда жүрөбүз. Эми жок эмес, аз-маз машыктыруучулар, спортчулар бар. Бирок, аларды ким угуп, аларга ким поддержка берип атат дейсиз? Эч ким! Жогору жактагылардан колдоо болуп, спортко чыныгы жүзүн бурмайынча, биздин спорт эч качан өнүкпөйт.

-- Бокстан бир да мушкерибиз Японияда өтө турган олимпиада оюндарына жолдомо ала албады, ичиң ачышып атабы?

-- Ачышып атат. Анын белгилүү жана белгисиз себептери толтура. Спортсменди мелдешке чейин, ошол эле мелдеште колдой турган меценаттарыбыз жокко эсе. 2000-жылкы олимпиада оюндарына барганымда ушу жат нерсени көргөм. Жарым финалга чыгуучу мелдеште атаандашымды чындап утуп атам. Ставка коюлду: “20 миң доллар бер. Сен жарым финалдасың” деп ачык эле айтышты. Ошол жерге мен-мен деген биздин чириген байлардан “тренер”, “массажист” катары 50дөн ашыгы барган. Бирөөнөн да 20 миң доллар чыкпай койгон. Болбосо, алар дүкөндөн дүкөн кыдырып, “мобу дүкөн арзан экен. Тиги дүкөндө бул бар экен” дешип, сумкаларын толтуруп келишкен. Ошондо мага 20 миң беришкенде, жарым финалга, андан кийин финалга чыкмакмын. Бербегендин азабынан мени “утулду” кылып коюшкан. Ошондо  атаандашым 20 миң доллар берген күнү да, мен утат элем. Анан кантип жаның ачышпайт? Мына, эми дагы олимпиадага акчасы бар байлар чамынып атышат, “мен барам” дешип. Ошолор жок дегенде биздин желекти алып, биздин спортчулардын мелдеши өтүп аткан жерде сүрөөнчүлөп, колдоо көрсөтүп турат дейсизби? Жок! Алар шаар кыдырып, капчыктарындагы акчаларга болбогон буюм-тайымдарды алышат. Спортчуларыбыз менен иштери болбойт, аны айтып-айтпаганда не? Анан кантип биздин спорт өнүгөт?..  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер