Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мөңгүлөрдү таш-талканын чыгарбай, жаратылыштын кооз жерлерин сактап калсак болобу?

Мөңгүлөрдү таш-талканын чыгарбай, жаратылыштын кооз жерлерин сактап калсак болобу?

06-ноябрь, 18:41
664 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Биздин жаратылыш, мөңгүлөр, туризм боюнча кыска ой толгооңуз? Ушу жаатта инвестиция тартуунун жолдору кандай?” деген собол таштадык.

Айша Мамбеталиева, эксперт:

-- Азыр “Жашыл экономика”, “Экотуризм”, “Туруктуу өнүгүү” деген терминдер абдан популярдуу жана таанымал болуп кетти. Бирок түпкү маңызын туура түшүнүп, практикалык түрдө ишке ашырып иштегендер ченелүү гана. Учурда жаратылышты коргоо, экология маселеси эң курч турат. Орусча айтканда, “точка невозврата”, “кайра кайтууга жол жок” деген абалга барбашыбыз абзел. Туризмдеги эң негизги ресурстар – бул адамдар жана айлана-чөйрө. Бизде ушул эки ресурстун тең потенциалы бар, күчтүү, дагы деле ырастуу ачыла албай жаткан учур. Ажайып кооз жаратылыш, экологиялык таза азыктар, меймандос калкыбыз, мына ушуларды сактап жана туура жолдо өнүктүрүү – бул баарыбыздын колубузда. Туризм десе эле ашкере инфраструктура же кызматтын сапатын (сервис) ойлоп, башка нерселерге көз жумуп коюга болбойт. Мисалы, жайыттарда, жайлоодо, көл жээкте, суу боюнда бозүй лагерлерди тургузуп, мейманкана ачып, кызматты нукка коюп, инфраструктураны түзүш, албетте, керек. Бирок бүгүн-эртең эмес, 5-10 жылда кандай коркунучтар болот, табиятты, экосистеманы бузбайбызбы (?) деген бир топ суроолорго жооп издешибиз керек. “Бүгүн туризмден акча таап, эртеңки урпактарга кандай мурас калтырабыз?” деген суроо да сестентиш керек. Албетте, азыр туризмде аз да болсо акча табалы деп массалык, же арзан баа коюп интенсивдүү иштөө эмес, кошумча баа, баалуулуктар чынжырчасын иштеп чыгып, баасына жараша сапаты төп келген туристтик өнүмдөр, туризм жолун колдоп келүү зарыл. Туризм ар деңгээлде колдоого муктаж. Экспорттук потенциалы чоң, бюджетке киреше алып келчү сфера катары мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу маанилүү. Каржылык, жеңилдетилген насыя, инвестицияга муктаж. Маркетинг жаатында Кыргызстанды таанытууга, даңазалоого комплекстүү аракеттерди кылыш керекпиз. “Ачык асман” программасы ишке кирип, дүйнөнүн ар бурчунан келе турчу конокторго жеңил аба жолдору, логистика керек.

Азамат Темиркулов, эколог:

-- Биздин мөңгүлөрүбүз жалаң гана Кыргызстан үчүн эмес, Борбор Азия мамлекеттерине да манилүү. Себеби, Борбор Азиянын жарымы биздин мөңгүлөрүбүздөн чыккан сууну ичишет. Азыркы мөңгүлөрдүн эригени жалгыз эле биздин мамлекеттин көйгөйү эмес, Борбор Азиянын көйгөйү деп айтсак болот. Глазго шаарында болуп аткан жыйында президентибиз маселени туура көтөрдү. 

“Жашыл климаттык фонддун” каражаты 100 миллиард долларга жакындады. Ошол акчалар бизге окшогон чакан, өнүгүп аткан өлкөлөргө, аны жашыл экономиканын принциптерине бурабыз деп ниеттенип аткандарга бөлүнүп берилет. Бул кредит эмес, грант түрүндө алсак болот. Ошон үчүн биз “Жашыл климаттык фондго” кайрылышыбыз керек. Ар кандай долбоорлорду тапшырып, каражат алып, биздин жашыл экономикабыздын принциптерине өткөзүшүбүз зарыл. Бул биз үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүк жана туура пайдаланганыбыз оң. Андан тышкары, келечекте башка өлкөлөрдөн жеке инвесторлор келиши мүмкүн. “Жашыл климаттык фондду” күтпөй, башка мүмкүнчүлүктөрдү издегенге аракет кылуубуз абзел!

Калия Молдогазиева, эколог:

-- Биздин мамлекет жаратылышка чоң көңүл бурушу шарт. Экосистемабыз абдан уникалдуу. Көңүлкош, кайдыгер, терс мамиле кылуудан баш тартканыбыз оң. Климаттын глобалдуу түрдө өзгөрүлүшү менен биздин баа жеткис мөңгүлөрүбүз азайгандан азайып баратат. Анысы аз келгенсип, адамдар аны бузуп, талкалап атат. Тоо кендерине шылтоолоп бүлүндүрүп бүтмөй болушту. Кыргызстандын мөңгүлөрүнө бүткүл дүйнө суктануу менен карап келишет. Бу да бекеринен эмес. Анткени Орто Азиядагы баа жеткис байлык. Мындан үч-төрт жыл мурун мөңгүгө тийешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн, үч окуудан өтүп, андан ары токтоп калган. Азыр ошол мыйзам долбоорун кайрадан көтөрүп чыгуу менен биринчи кезекте колдоого алуу зарыл. Ал эми инвестиция жагынан “Глобалдык климат фонду” ж.б. бүткүл дүйнөлүк фонддор атайын мөңгүлөрдү сактап калуу үчүн  эбегейсиз акча каражатын грант катары берет. Болгону алардын эрежелерине ылайык долбоорлорду жазып бериш керек. 

Гамал Сооронкаулов, эксперт:

-- Жаратылыш, туризм, мөңгүлөр боюнча сөз кылсак, биздин  өлкөгө сырттан бул тармакты өнүктүрүүгө жетиштүү түрдө гранттар келип жатат. Алсак, жаратылыш тармагына инвестициялар миллион долларлап эсептелет. Тилекке каршы, көбүнесе бюджеттин эсебин жаап, же болбосо колу туткак коррупционерлердин чөнтөгүндө  калып атат. Кыскасы, атайын иштелип чыккан долбоорлорго жетпей жатат. Дагы да өкүндөргөн учур бар, өзүбүздүн даярдыгыбыз, деңгээлибиздин жетишсиздигинен, маалыматтын жоктугу, долбоорлордун чийкилигинен куржалак калуудабыз. Мисалы, өзүм долбоор жазып жүргөн адаммын. Көпчүлүк долбоорлор англис тилинде болгондуктан, тил азабынан жаза албай калам. Биз азыр ушул теманы көтөрүп, мурунку айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине “2010-жылдан баштап азыркыга чейин канчалык көлөмдө гранттар келген?” деген суроону бергени жатабыз. Анткени, бир эле “Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна” ушул жылдар аралыгында 60 миллиондон ашык доллар 2020-жылга чейин келген. Ошол акчага эмне маселелер чечилди (?) дегендей. Биз ал акчанын Ысык-Көлгө жумшалганын көрбөй атабыз. Демек, бул акча же бюджетти толтурганга кетип калган, же сол чөнтөккө солонгон. 

Күлүйпа Айтбаева, эксперт:

-- Жаратылыш байлыгы, мөңгүлөр, туризм жаатына инвестиция тартуу – бул абдан жакшы кыймыл болот, эгер стратегиялуу жол менен алынып барылса. Азыркы учурдагы биздин мамлекет гана эмес бүткүл дүйнө багыт алган глобалдуу чакырыктар, туруктуу өнүгүү максаттары (ЦУР) эске алынып, ушул үч тармак биригип, биринчиден, мамлекеттик программаны иштеп чыгып, экинчиден, ошого каражат издесе болот. Мунун жолдору көп жана ишке ашыра ала турган биздин өлкөдө кудурет бар. Бирок, биз айыл маселесин козгобой туруп, айыл элин, жергиликтүү элди тартпай туруп, бул маселелерди чече албайбыз. Кээ бир маселелер элдин күчү менен эле чечилип калышы мүмкүн.    


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер