Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » Ошурахунова “депутаттар тарыхты билбейт” дейт
Ошурахунова “депутаттар тарыхты билбейт” дейт
10-январь, 02:06

Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдардын долбоору коомдук талкууга коюлганына нааразыланып, укук коргоочу Динара Ошурахунова “парламентке келген депутаттар Кыргызстандын тарыхын билбейт. 2010-жыл эмне үчүн болгонун, 2005-жыл эмне үчүн болгонун жана ошол кездеги парламенттер кандай демилгелерди көтөргөнүн, аларга эл аралык коомчулук жана жарандык коом кандай баа бергенин азыркы депутаттар билбейт, түшүнбөйт. Ошондуктан ушундай демилгелерди кайра-кайра көтөрүп жатышат. Райымкулов жана башкалар Конституцияны, анын беренелерин, принциптерин так, жакшы билиши керек. Алар өздөрү Конституцияны билбегендиктен, ага каршы келген ушундай демилгелерди көтөрөт” деп айтып чыкты.
"Азия Ньюс" гезити