Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аманат Сыдыков: “Материалдык-техникалык база жетишсиз, айлык акы аз”

Аманат Сыдыков: “Материалдык-техникалык база жетишсиз, айлык акы аз”

23-июль, 21:39
2 469 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мэр болуп келгенге чейинки пландар жана андан кийинки иштер бири-бири менен дал келип атабы? Аларды ишке ашырууда кандай тоскоолдуктар бар?

-- Мэрликке келгенге чейинки пландарыбыз менен азыркы иштерибиз дал келип эле атат. Бирок, аларды ишке ашырууда мыйзамдарда дал келбөөчүлүктөр бар. Маселен, бизге, муниципалитетке карабаган имараттар бар. Аларга бизден каражат бөлүп иштетүүгө болбойт. Ал эми жалпылай алсак, бүгүн бир ишти жасайм деп эле чыга калып, эртең жасап салуу мүмкүн эмес да. 

-- Мурунку мэрдин жактоочулары тарабынан нааразычылыктар дагы болду эле. Азыр алардын сизге жана жасап жаткан ишиңизге ой-пикирлери өзгөрдүбү? 

-- Шаар чоң, 50 миң адам жашайт. Ар биринин өз пикири бар. Эгер айтылган сын-пикир жөндүү болсо, туура кабыл алам жана коюлган көйгөйдү чечүүгө аракет кылам. Ал эми жөн эле жаш бала, иштей албайт деген сөздөрдүн айтылганы туура эмес. Буюрса ишти баштадык, бир аз убакыт өтсө натыйжасын көрсөтөбүз. Шаардыктар өзгөрүүлөрдү өз жонтериси менен сезгендей деңгээлге жетебиз.

-- Мэр катары шаарды кандай элестетесиз жана аларды ишке ашырууда негизги ролду аткара тургандар кимдер дейсиз?

-- Мэр десе эле элдин баарында эшигинин астын тазалап бериш керек, кыйналса акчасын бериш керек деген түшүнүк жаралып калыптыр. Албетте, тийешелүү мекемелер өз иштерин жасаш керек. Эгер алар өз иштерин тийешелүү деңгээлде алпаралбай атса, анда сөз башка. Ал эми мэр болсо чоң масштабдуу иштер менен алектенип, бюджетти көтөрүүнүн үстүндө болушу абзел. Бүгүнкү күндү эмес, келечекти түптөө маанилүү. 

-- Тийешелүү тармактардын аткарып жаткан иштерине купул толуп атабы?

-- Ортодон жогору иштеп атышат. Толугу менен берилип иштеп атышат дей албайм. Өзгөртчү жерлери көп.

-- Эмне себептерден улам ишке толук берилүү жок болуп атат?

-- Ар ким өз жаатында аракет жасап атат. Бирок, материалдык-техникалык база жетишсиз, айлык акы аз. Ушундай көйгөйлөрдөн улам дагы кызматкерлердин колу байланып калып атат. 

-- Келечек балдардан башталат эмеспи. Жаш жеткинчиктердин окуу-тарбиясына татыктуу көңүл буруу үчүн тийешелүү тармактар менен иш жүрөбү? 

-- Билим – мамлекеттин келечегинин негизин түзөт. Азыркы берип жаткан билимдин натыйжасын 10-20 жылдан кийин эле алабыз. Тилекке каршы, билимдүүлөрүбүздүн көбү чет өлкөлөргө кетип жатпайбы. Аларды артка кайтарууга кез келди. Ал эми биздин шаарга келсек, мектептерди күчтөндүрүп, окуу жайларды ачуу пландарыбыз бар. Баары эле 1-2 күчтүүрөк мектепке окууга далалат кыла бергени деле туура болбойт.

-- Жалпы шаардыктардын алкоосуна ээ болуу үчүн кандай иштерди жасагыңыз келет жана өз ишиңиздеги ийгиликтерди көрсөтүү үчүн канча убакыт керек?

-- Максатым – элге татыктуу кызмат кылып, жаман сөзгө калбай, эл үчүн ыңгайлуу шаарды түзүү. 100 күндүн аралыгында толук анализ жасап алып, мага берилген убакыттын ичинде кадам-кадам менен баарын аткарабыз.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер