Очкарик, ботаниктер менен жакшы мамиледе бол
Бир мезгилдерде дүйнөнүн эң бай адамы катары саналып келген Билл Гейтс жаштардын алдында сүйлөп жатып, мектепте үйрөтүлбөгөн, бирок, жашоодо зарыл болгон эң керектүү эрежелерди айтып кеткен.
1. Жашоо өзү адилетсиз – бул фактыны эртерээк кабыл алуу керек.
2. Сенин сезимдериң, өзүңдү урматтаганың менен дүйнөнүн кыпындай дагы иши жок. Сенин жеке кадырыңды кабыл алардан мурда, дүйнө сенден кандайдыр бир жетишкендикти талап кылат.
3. Окууну бүтөрүң менен сени долларлап акы төлөгөн жумуш күтүп турбайт. Чоң бир компаниянын бир бөлүмүнө жетекчи боло калбайсың. Мунун баарына сен өзүң жетишишиң керек.
4. Сенин мугалимиң катаал, талапты катуу коёт деп ойлосоң, жетекчиң менен таанышып көр. Жетекчиден кийин мугалим майдай жумшак болуп калат, себеби, мугалимден айырмаланып, жетекчинин карьерасы сенин жумушту кандай аткарышыңан көз каранды.
5. Базарда токоч жасап сатуу – сенин кадырыңдан төмөн эмес. Ата-бабаларың ушул сыяктуу башка жумуштарды дагы «мыкты мүмкүнчүлүк» деп аташмак.
6. Эгер ишиң оңунан чыкпай калса, ата-энеңди күнөөлөгөнгө шашпа. Ар бир ийгиликсиз ишке ыйлактай бербестен, алардан сабак ал.
7. Сен төрөлгөнгө чейин ата-энең азыркыдай карыган, көп нерсеге жөндөмсүз болушкан эмес. Алар сенин келечегиң, жашооң үчүн кара терге түшүп, чачын ак аралаган. Ошондуктан, аларга акыл айтып кыйынсынардан мурун, өз бөлмөңдү, өз кийимиңди тартипке келтиргенге аракет кыл.
8. Реалдуу жашоону сыналгыдагы жашоо менен чаташтырба. Жашоодо адамдар көп убактысын кофе ичип эмес, жумуш ордуларында өткөрүшөт.
9. «Очкарик, ботаниктер» менен жакшы мамиледе бол. Кийин алар сенин жетекчиң болуп калышы мүмкүн..
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити