Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Оңой жана кызыктуу... Сулуу болуунун сырларын билесизби?

Оңой жана кызыктуу... Сулуу болуунун сырларын билесизби?

27-сентябрь, 02:08
2 024 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Айрымдарда алсыроо, бет териси түлөп, тырмактар сынып, түптөрү сыйрылуусу, чач түшүп, бетте түрдүү тактардын пайда болуусу көйгөй жаратат. Аз убакыттын ичинде мындай көйгөйлөрдү алдын алууга батынсаңыз, төмөнкү кеңештерге көңүл буруңуз.

Алгач организмди тазалаңыз

Күн сайын эртең менен бир кашык зыгыр данын жууп, майдалап чайнап жеңиз. Артынан 1 стакан жылуу суу ичип коюңуз. Бул кадамдан жарым саат өткөн соң тамак жеш керек. Мындай ыкма организмди пайдасыз заттардан тазалайт. Териңиз тазарып, жылмакай абалга келет. Бир аз болсо да салмак таштаганыңыз кадимкидей сезилет. Ошондой эле зыгырдын даны чачтын түшүшүнүн алдын алып, тырмактарды бекемдейт. 

Эскертүү! Эгерде кайсы бир органыңызда таш болсо, зыгырдын данын жегенге болбойт.

Глицерин бетти сергитет

Дарыканадан Е витамининин 10 даана капсуласын жана глицерин майын сатып аласыз. 10 капсуланы тең ийне менен тешип, ичиндегисин 30 грамм глицеринге аралаштырыңыз. Сүйкөөрдөн мурун бетти жууп, жумшак щётка менен укалоо керек. Бет кызарган маалда клеткалар дүүлүгүп, сүйкөлгөн аралашманы тез сиңирип алат. 

Жаңгак жеңиз

Күн сайын 50 граммдан кем эмес жаңгак жеп туруңуз. Жаңгактын кайсы түрү жакса: грек жаңгагыбы, жер жаңгакпы, жей берсеңиз болот. Эки эле жуманын ичинде чачтарыңыз менен тырмактарыңыз жеген жаңгагыңыз үчүн сизге эбегейсиз рахматын айтышат.

Чачка ботко даярдайбыз

Үч күндө бир чачка арналган ботко жасап алып колдонуңуз. Кургак, майдаланган горчицаны өсүмдүк майына же уйгактан алынган майга (репейное масло) аралаштырып, ботко жасаңыз. Чачты жууган соң аралашманы сүйкөп, 20-30 мүнөт коюу керек. Андан соң жууп салыңыз. Үч жуманын ичинде чачтын сапаты жакшырат. 

Алоэ ширеси – бет терисинин куткаруучусу

Бет териси сулуу, серпилгич болушу үчүн кадимки алоэ өсүмдүгүнүн ширесинен тамактанар алдында 1 чай кашык ичип коюңуз. Мындай аракет менен организмдеги зат алмашууну жөнгө сала аласыз. Ушул эле алоэ ширесин бетке ботко кылып жапсаңыз, аз убакыттын ичинде безеткиден куткарып, териңиз тунук болуп чыга келет. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер