Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дамира Ниязалиева: “Добуштар 5000-6000 сомго чейин көтөрүлүп кетти”

Дамира Ниязалиева: “Добуштар 5000-6000 сомго чейин көтөрүлүп кетти”

04-сентябрь, 19:19
4 482 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Пандемия коркунучу, шайлоонун шайтан оюндары, элдин тынчтыгы, бакубатчылыгы тууралуу ойду Дамира Ниязалиева айым менен бөлүштүк. “Үмүтсүз шайтан” дейт эмеспи. Маектешим алдыга койгон максаттар менен тыгыз байланышканын айта отурду. 

-- Дамира айым, “пандемия апаатынын экинчи толкуну болуп кетиши ыктымал” деп атышат. Сиздин бул боюнча кандай кабарыңыз бар?

-- Тилекке каршы, пандемия азыр Европада күч алып атат. Бизге бул апаат кайтып келбейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Азыркы учурда деле толугу менен жоюлбай, анча-мынчасы катталууда. Эгерде ар бир жаран өзүн-өзү сактабаса, буга чейинки бизге маалым болгон эрежелерди колдонбосо, тез эле жайылып кетиши мүмкүн. Анткени, бул вирусту жеңил жана симптомдору жок адамдар жайылтышы мүмкүн. Менин байкашымча, азыр көпчүлүк эл таптакыр эле көчөлөп, беткап тагынганды, социалдык аралыкты кармоону унуткандай. Баягы кыйын мезгил кайра келсе, даярдык  толук 100% эмес. Ошентсе да “сактанганды Кудайым сактайт” эмеспи. Бошоңдобойлу!

-- Бул жолку парламенттик шайлоо аламанында кайсы партия менен аттанып атасыз?

-- Буга чейин ар кыл партиялардан жакшы эле сунуштар түштү. Баардыгына учурдан пайдаланып ыраазычылыгымды билдирем. Алланын буйругу менен “Кыргызстан” партиясынан талапкер болдум, калганы Кудайдын буйругунан жана эл чечет.

-- Парламенттик шайлоо тынч өтөбү, добуштар сатылбайбы, эл алданбайбы?

-- Шайлоо тынч эле өтөт. Анткени, эл бүгүн тынчтыкты, аман-эсенчиликти, бакубатчылыкты баалап жана каалап турган учур. Канча деген жоготуулар болуп, кабыргалары кайышып, ызалары тарай элек. Бирок, мени капа кылганы – кээ бир жарандар добуштарын соодалашып, 5000-6000 сомго чейин көтөрүп, ар кандай технология менен сатууга жана сатып алууга аракет катуу болуп атканын угуп калдым. Эгерде элибиз добуш сатуу кандай коркунучка алып келерин, анын арты эмне болорун түшүнсө, жүрөгүнөн чечим чыгарат деп үмүт кылам. Учурдан пайдаланып, элиме кайрылат элем: ардактуу элим, бир күндүн кызыкчылыгын самап, келечегибизди жоготуп албайлы!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер