Каныбек Жолчубеков чоң спорттон кетти
Грек-рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмак ченинде Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, студенттер арасында эки жолку жана жаштар арасында дүйнө чемпиону, Азиянын коло, күмүш, алтын медалдарынын ээси быйыл чоң спорттон кеткенин өзү маалымдады. 31 жашка келгени чоң спорттон бир топ жакшы нерселерди тапканын, анын ичинен кыйышпас досторду, адамгерчилиги бийик спорт адамдарын, эң негизгиси, үй-бүлө курганын баса белгиледи. “Чоң спорттон кеткениме өкүнбөйм. Жети өлчөп бир кестим. Спорт – менин жашоомдун негизги маңызы болуп кала бермекчи. Кыргызстандын грек-рим күрөш жаатында мындан ары өз салымымды кошом. Жеткинчек, өспүрүм, жаштар арасында облустук деңгээлде “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” аттуу мелдештерди жеке өзүм уюштуруп, республиканын жети дубанынан мыкты балбандарды чыгарууга аракет кылмакчымын” деди. Бир өксүгүн да айта кетти. Ал олимпиадага барбай калганын, ошол бийиктикти багынтууга болгон күч-аракети учурунда белгилүү шарттарга байланыштуу ишке ашпай калганын кошумчалады.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити