Кожейкем мени аялыман кызганып, ар кандай шылтоо менен чыр салат
Шаардын жашоосун эңсеп, окууну аяктаар менен иштегени айылдан келгем. “Бир аз кое тур” деп ата-энемдин да айтканын уккан жокмун. Айылда кыздар артынан чуркаган сулуу жигиттердин бири болгонум менен шаарга келгенде эшегим суу кечпей калды. Тактап айтканда, менин артыман кыздар чуркамак түгүл карап да койгон жок. Кара жумуштарга иштей баштадым. Тапканым батириме жана тамагы кетет. Ошентип жүрүп чоң базарлардын биринде сатуучу болуп ишке орноштум. Чынын айтсам, тез эле өздөштүрүп, кардардын көңүлүн таап, жумуш берүүчүмдү да ыраазы кылып, өз чөнтөгүмө да иштегенди үйрөндүм. Тез эле кийген киймим оңолуп, акчалуу жаш жигиттердин катарын толуктап калдым. Арадан эки жыл өтпөй базарда соода кылган Татына аттуу кызга үйлөндүм. Жыл айланбай уулду болдук. “Кыздардын көзү түшкөн жигиттин бири болом” деген кыялым жоголуп, эми үй-бүлө түйшүгү менен алектенип баштадым. Кожоюндун аялы мени менен бирге чыгып соода кылганы мурункудай булактарым токтоп, кыйынчылыктар боло баштады. Татына экөөбүз да уруша турган болдук.
Ошондой күндөрдүн биринде базарда коңшу отурган эженин туулган күнү болуп, жумуштан кийин баарыбыз кафеге бардык. Ал жерде ырдап-бийлеп, ичип да аттык. Бир кезде кожейкем ыйлап калыптыр. “Кызуу болуп алып, ыйлап жаткан экен” деп аны жеткирмекчи болуп үйүнө алып жөнөдүм. Күйөөсү жаш кызга үйлөнүп алганын айтып, “мени чанды” деп буркурады. Үйүнө киргизе албай көпкө убара болдум. Заңгыраган үйдө жалгыз жашаган аял мени кошо киришимди суранды. Кирсем, андай үйдү мен түшүмдө да көргөн эмесмин. “Сен сулуусуң, сени мен баалайм” деп эле кожейке мага жабышып кирди. Башында жаман абалда болдум. Ичимдеги арак таасир бердиби, айтор, ал күнү кожейке аял менен төшөктөш болдум...
Ушул күндөн тартып мен экинчи аялдуу болдум. Тактап айтканда, бай аялга токол болуп калдым да. Каалаган күнү каалаган жерине чакырат, барам. Кийимимди алып берет. Үй-бүлөмдү бакканга акча аябайт. Бул арада экинчи уулду болдук. Колуктум менин тапканыма сүйүнүп, бала менен үйдө отурат. Кеч келем, кээде келбей калам. Андай күндөрү “Алматыга товарга кеттим, эртең келем” деп коем. Кожейкем мени баарынан, кээде аялыман да кызганып, “жанына жатпа” деп чыр салат. Кандай болгон күндө да ал менин аялым. Эки баланы таштап, менден 15 жаш улуу аялды ээрчип кетмек белем? “Мамилени үзөлү” десем, “аялың менен ажыраштырам” деп коркутат.
Көчө шыпырсам да ак эмгегим менен нан тапканга жетпейт экен. Чөнтөгүм толо акча, астымда машинам болгону менен башка эркектердей жаш кыздарга бара албасам, же келинчегиме жубайлык парзымды аткара албайм. Ушул жашоом жаныма батып бара жатат...
Акылбек