Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арсланбек Кененбаев, эксперт: “Санкциянын таасири катуу тийбеш үчүн өкмөт баардык чараларды көрүүгө милдеттүү”

Арсланбек Кененбаев, эксперт: “Санкциянын таасири катуу тийбеш үчүн өкмөт баардык чараларды көрүүгө милдеттүү”

02-февраль, 17:29
583 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- АКШ газ менен иш алып барган Кыргызстандагы компанияларга санкция салды. Өлкөбүз үчүн кандай таасири күтүлүшү мүмкүн?

-- Газ жана мунай продуктуларын жеткирүү менен алектенген компаниялар өлкөнүн экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон монополисттердин катарына кирет. Бул компаниялар экономикалык гана эмес, социалдык жактан да өзгөчө мааниге ээ. Алар калкты, өнөр жай ишканаларын жана жалпы экономика тармагын газ жана мунай продуктулары аркылуу үзгүлтүксүз камсыздап турат. Ушул себептен, биздин өкмөт бул компанияларга карата санкциялардын таасири катуу тийбеши үчүн баардык мүмкүн болгон чараларды көрүүгө милдеттүү. Бул маселе улуттук кызыкчылыктар үчүн абдан маанилүү. Эгерде аталган ишканалардын иши токтоп калса, бул экономикага жана калктын жашоосуна олуттуу кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн.

Учурда Кыргызстандын өкмөтү жана Америка Кошмо Штаттарынын элчилигинин ортосунда бул маселени чечүү боюнча активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын угуп жатабыз. Ошондой эле Кыргызстандын финансылык системасы аталган тармактагы компанияларга колдоо көрсөтүшү керек деп эсептейм. Анткени өкмөт стратегиялык мааниге ээ ишканалардын иши токтоп калышына жол бере албайт. Бул жалпы өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир этет.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер