Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакылдаган Бактыбек Калмаматов түрмөдөн “сынып” чыгыптыр...

Бакылдаган Бактыбек Калмаматов түрмөдөн “сынып” чыгыптыр...

01-апрель, 09:30
1 330 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Алгач Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди ашата сындап, бакылдап, “баатырга” айланып кеткен Бактыбек Калмаматов камалганда бүрүшө калып, духу түшкөнүн СИЗОдон көргөндөр айтышты. Абактын аурасы “жеп”, бир жагынан камактагылар каарып, кыйла айласын кетиргенде эки колун көтөрүп бериптир. Бийлик өкүлдөрү менен тымызын сүйлөшүп, эркиндикке чыгууну “соодалашып”, оозун басып, тек жүрүүнү убадалаганын билдиришти. Реалдуу жашоодо “сынып” калыптыр. Чоң саясатчы боло турган адам “отко, сууга салса да майышпаган”, бекем турарын унутпайлы. Ошондо гана ийгиликке жетишет. А жөн гана бакырып, үнүн өктөм чыгаруу менен күпүлдөп, анан түрмөгө киргизсе бүжүрөп, “жансоогалап” жалдырап калса, мындайда арзан бааланат эмеспи. Айтор, Бактыбектин баасы берилип, балакай сыңарындай эч ким эсептешпей калганы ушулбу?  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер