Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурбек Изабеков: “Эреже баардыгы үчүн бирдей. Ал жерде “кыкем” варианты өтпөйт”

Нурбек Изабеков: “Эреже баардыгы үчүн бирдей. Ал жерде “кыкем” варианты өтпөйт”

18-декабрь, 17:54
11 057 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүнкү күндө Сербиянын Белград шаарында бириккен күрөштүн дүйнө кубогу чоң мелдеши өтүп жатат. Биз телефон аркылуу КР кыз-келиндер күрөшүнүн башмашыктыруучусу Нурбек Изабеков менен байланышып, чакан маек кылдык. Албетте, буга чейин грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмак ченинде Жоломан Шаршенбеков уулубуз алдынан чыккан баардык атаандаштарын утуп, алтын медаль жана дүйнө кубогунун ээси болгон. Ал эми кыз-келиндерден 62 килограмм салмак ченинде Айсулуу Тыныбекова да ушуну менен дүйнө мелдешин экинчи ирет багындырып отурат. 

-- Нурбек мырза, жакшы жаңылыктардан кабардарбыз. Калганын сизден угалы?

-- Дүйнө мелдешинде кыз-келиндер арасында улуттук курамдагы төрт кызыбыз катышып жатат. Айсулуу Тыныбекова алтын медаль жеңип алды. Мээрим Жуманазарова алтын медаль үчүн күрөш жүргүзөт жана Айпери Медет кызы коло медаль үчүн беттешке чыгат. Кудай буюрса, эки кызыбыздан да үмүттөр чоң. Айсулуу алтын медалга жетүү үчүн күрөш килемге төрт күчтүү атаандаш менен чыкты. Биринчисинде румын, экинчисинде түрк, үчүнчүсүндө орус жана финалда латвиялык балбан кыздар менен чыгып, баарында тең артыкчылык упайлар менен жеңишке жетише алды. 

-- Бул мелдеш олимпиадага жолдомо берчү мелдештерден эмес да?

-- Жолдомо берчү мелдештерден болбосо да ошого даярдануу иретинде, же башкача айтканда, 2021-жылдын март айынын аягында Кытайда, апрель айынын аягында Болгарияда өтө турган олимпиадага жолдомо берчү мелдештерге даярдык катары катышып атабыз. Ушу эки мелдеш биз үчүн эң негизги мелдештерден болуп саналат. Өзүңүздөр билгендей, азырынча Айсулуу гана олимпиадага жолдомо алган. 

-- Мелдеш учурунда кыздарыбыз жаракат алышпадыбы?

-- Спорттук жаракат ар дайым болуп турат. Ансыз болчу беле? Буга чейин Айпери Медет кызыбыз катуу жаракат алып, күрөш сезонун жаңы ачып, коло медаль үчүн болгон беттешке жетти. Кантсе да бир аз чочулап турабыз. 

-- Күрөш күрөшү менен дейли, КОВИД-19 илдетине байланыштуу кандай тартиптер, эрежелер менен сактануу керек экен?

-- Бул жагы катуу жана күчөтүлгөн режимде болуп атат. Кыргызстандан чет жакка чыгарда тест тапшырганбыз. Анан Түркиядан да тапшырдык. Бул жерге келгенден кийин да тапшырдык. Баардык жерде беткап, антисептик колдонмой, эрежелерди бузуу жок. Мелдеш өтүп аткан спорттук аренада спортчулардан башка эч кимди киргизишпейт экен. Дүйнө мелдеши көрүүчүлөрсүз өтүп атат. Мейманканадан атайын жабдыкталган автобус менен апкелет. Кайра эле ошол автобус мелдеш бүткөндө жеткирип коёт. Мурдагыдай бош болуп калганда шаар кыдырмай, жайылып кетмей жок.

-- Эрежени бузгандарга кандай чара көрүлөт, же эскертүү менен гана чектелип атабы?

-- Биз ал жакка барган күнү эле спорт жетекчилери катышкан чоң жыйын болуп, эрежелердин баары менен тааныштырды. Жадагалса эрежени бузгандар үчүн канча суммадагы швейцар франкы айып салынары айтылды. Эң эле азы 10 миң шейцар франк деп жүрөт. Ошон үчүн эреже баардыгы үчүн бирдей. Ал жерде “кыкем” варианты өтпөйт. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер