Акыркы кабарлар
» Күч берен » Кезектеги жайкы олимпиада оюну артка жылды
Кезектеги жайкы олимпиада оюну артка жылды
01-апрель, 22:04
696 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Япония мамлекетинин борбору Токио шаарында өтө турган кезектеги жайкы олимпиада оюндары качан, кайсы убакта өтөрү белгилүү болду. Буга чейин Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах: “Жайкы олимпиада оюндары эч кандай себептер менен жылдырылбайт. Өз убагында өтөт” деп саймедиреп келген эле. Коронавирус илдети жер шарынын баардык жагына тарап, эл аралык спорттук мелдештер чет-четинен жылдырылды, токтотулду. Ошондон улам бул маселе кайрадан каралып, ЭОКтун президенти Томас Бах менен Японияда өтө турган олимпиада оюнунун уюштуруу комитетинин президенти Есиро Мори экөө масилеттешип, кезектеги жайкы олимпиада оюндары 2021-жылы 23-июлдан 8-августка чейин болорун бир чечимден кабыл алышты.
Сурат Жылкычиев
Aryba.kg