Сизге туалеттен ашык болуп, жабышкам...
(Премьер-министрдин бажасы Иманкадыр РЫСАЛИЕВге!)
Сизди мен мектепте окуп жүргөндө сүйүп калдым. Курбу кызым менен ошол кечеге баргам. Сиз болсо калың капчыгыңызды ачып, бизге тараттыңыз... Жарыша тыттык. Ресторандагы кыздардын баары сизге жагынууга аракет кыла баштадык. Бир маалда катуу музыка чыкты. Кыздардын баары бийлей баштадык. Сизди күттүк, бирок келбей койдуңуз. Туалетке барганыңызда да жабышсам, такыр карабай койдуңуз. Бир нерсеге таарынып аткандайсыз. Мен “бергенге” деле макул болчумун. Көрсө, менин курбу кызым жагып атканын кийин гана билдим. Ушунчалык шойкомдуу белеңиз? Мындай карасам, карыган эле чалсыз, а кантип жаш кыздарды сүйгүзөсүз? Себеби бар го, сиздин чөнтөгүңүздө дайыма көп акча жүрөт. Доллар... Ооба, мен да көргөм, бергенсиз чачып... Сизде түгөнбөйт экен. Менин кыздарым баары терип алышып, сизди сүйүп калышкан...