Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жакырчылыктын сазына батып баратабыз. Чыдайбызбы?

Жакырчылыктын сазына батып баратабыз. Чыдайбызбы?

21-март, 20:41
1 211 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Пандемияга, бийлик алмашуусуна, дагы башка шылтоолорго таянып, өзүбүздү өзүбүз алдап жашап келе жатабыз. Жыл санап өлкөбүздүн экономикасы төмөндөгөнү төмөндөп баратат. Төмөндөгү чыныгы статистикага үңүлсөк дагы маанай түшөт. 

Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, Кыргызстанда 2020-жылы экономика 8,6% ылдыйлады. Сомдун АКШ долларына карата курсу 19% төмөндөдү. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Навид Хасан Накви медиа каражаттарынын өкүлдөрү менен жолуккан учурда айтты.

2019-жылы болжол менен калктын 20%ы жакырчылыктын жеткен чегинде жашаса, 2020-жылы бул көрсөткүч 31%га жетти, 2021-жылы дагы 35% болору күтүлүүдө. 

Мындай кейиштүү абалды Хасан Накви эки себеп менен түшүндүрдү. Биринчиси – киреше булактарынын жоголушу жана инфляция, экинчиси – 2020-жылы азык-түлүк баасынын 12%га жогорулашы.

Дүйнөлүк банк COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жоюу үчүн Кыргызстанга жардам иретинде 160,15 млн. доллар бөлгөн. Анын 22,15 миллион доллары медицинага, 138 миллиону калктын аз камсыздалган катмарына жардам катары жана пандемияда жабыр тарткан орто, чакан бизнеске берилген.


“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер