Акыркы кабарлар
» Күч берен » “Коронавируска чалдыгып, даамды жана жытты сезбей калдым"
“Коронавируска чалдыгып, даамды жана жытты сезбей калдым"
25-март, 11:21
540 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Италиянын "Милан" футболдук клубунун техникалык директору Паоло Мальдини коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталган. Бул оору жөнүндө жана азыркы абалы тууралуу билдирүү жасаганын чет элдик маалымат булактары жазды.
"Менде азыр баары жакшы. Жаман мезгилдин баары артта калды. Азыр бир аз жөтөлүп жатам, даамды жана жытты сезбей калдым. Коронавирус оорусу жагымсыз, тумоого окшош экен. Мен азыр өзүмдүн тулку боюмду билем. Спортчулар өздөрүн билиши керек. Жаңы вирус өзгөчө күчтүү экен деп калдым. Бул оорунун алгачкы белгилерин 5-марттан баштап сезип баштагам. Анда менин муундарым жана булчуңдарым ооруган. Дене табым дагы көтөрүлгөн" деп билдирген Мальдини.
Маалыматка ылайык, 51 жаштагы Паоло Мальдини дүйнөлүк деңгээлдеги футболчу. Ал өзүнүн футболдук карьерасында "Милан" клубунда гана ойногон. 1994-жылы "Дүйнөнүн мыкты футболчусу" наамына татыган.