Мукаш Ырсалиев бокс боюнча Европа чемпионатын тейлейт
АИБАнын үч жылдыздуу (жогорку) рефери-калысы, биздин жердешибиз Мукаш Ырсалиев Англиянын борбор шаары Лондонго бокс боюнча Европа чемпионатын тейлегени чакырылды. Албетте, эл аралык бокс федерациясы (АИБА) олимпиадалык макамдан ажырап, рефери-калыстарды чакыруу жагын эл аралык олимпиада комитети өзү колго алган. Бул мелдеш катардагы мелдештен эмес, 2020-жылы Японияда өтө турган жайкы олимпиада оюндарына жолдомо берчү мелдеш. Жоопкерчилиги жогору болгон ушундай мелдешке биздин жердешибиз Мукаш инимдин тейлөө кызматын аркалоосу спорт сүйүүчүлөрүн кубантып аткан кези. Бокс боюнча турнир 13-марттан 23-мартка чейин созулат. Мукаш мындай турнирлерге биринчи барып жаткан жок. Буга чейин бир канча бокс боюнча эл аралык мелдештерди татыктуу тейлеп келген. Англисче түш жоруйт. Чет мамлекетте “азаматсың кыргыз!” деп урматтаган достору да жетиштүү. Анын ичинде бокс коомчулугу да “адилет калыс” деп сыйлашат.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити