Саламат Садыкова: “Бакыт – бул чынында өзүңдүн жүрөгүндүн тереңинде”
КР эл артисти Саламат Садыкова бактылуулук тууралуу өзүнүн пикирин социалдык баракчасына жазды.
“Бактылуулуктун биринчи башаты бул – көңүлдүн бейпилдиги. Ошондой эле адамдардын жашоосу ар түрдүү ырахаттарга, көңүл ачууларга толсо дагы, анын даам татымы болбойт. Себеби, алар бактылуулуктун маанисин да, максатын да, сырын да түшүнө алышпайт. Анан кантип алар көңүл бейпилдигин же ырахатын таба алышсын? Ал эми чындыгында жандүйнө бейпилдиги же ырахаты ыймандын жемиштеринин бири экендиги талаш туудурбайт. Бакыт – бул чынында өзүңдүн жүрөгүңдө, сенин ыйманыңдан көз каранды сулуу дүйнө! Балдарыңдын билимге каныгып, калп айтпай, уурулук жасабай, жолдош-жорочул, тууганчыл, адептүү болуусу эмеспи! Жаман жолдон оолак болуп, адамдар туурасында дайыма жакшы ойдо болуусу, башкалардын да артыкчылыктарына сыймык менен карап, ийликтерге умтулуусу! Ырасында, ата-эне, эне-баланын ортосунда чоң урмат-сый, мээримге тунган үй-бүлөлөрдүн гана үзүрлүү уюткулуу, очор-бачар орозгерине эмне жетсин! Мындай үй-бүлөлөр элибизде ондоп саналат. Ылайым коомдогу ыплас көрүнүштөрдөн арылып, жакшыга жанашалы, жакшылыктар чексиз болсун!” деген ниетин билдирди Саламат Садыкова.