Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эльдар Шабданов: “Туристтик сезондо 2019-жылдагы пандемияга чейинки деңгээлге жете элекпиз”

Эльдар Шабданов: “Туристтик сезондо 2019-жылдагы пандемияга чейинки деңгээлге жете элекпиз”

22-июль, 09:00
569 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жай айы да ортолоп калды. Туристтик сезон өткөн жылдардан айырмаланып, бул жылы кандай болуп жатат? Чет элдиктердин келиши арбын элеби?

-- Жеке байкоомо караганда, 2019-жылы келген туристтердин жарымынан көбүрөөгү келди десем жаңылышпайм. Бирок, пандемияга чейинки деңгээлге жете элекпиз. Аз калды. Туристтик сезондун өзгөчөлүгү – быйыл баалар өстү. Бул дүйнө жүзүндө байкалып жаткан көрүнүш. Турпакеттер, авиабилеттер, мейманкана, кафе-ресторан, пансионаттардын баарынын баасы өсүп жатат. Жаңы рынок ачтык дегенден да алысмын. Мурда иштеп жаткан рыноктордон келип жатышат. Эки жыл баары үйдө жатып, суроо-талап көп болгондуктан, билеттердин баасы да кымбат болууда. Баалар көтөрүлгөнүнө байланыштуу эс алуучулардын саны 2019-жылдагы көрүнүшкө жете элек. Баа мурдагыдай болгондо, балким, эс алуучулар да көп болмок.  

-- Жогорулаган бааларга туристтердин, өзүбүздүн эс алуучулардын пикирлери кандай болууда?

-- Учурда “көлгө баруу кымбат. Ага караганда Түркияга, же башка өлкөгө барып, эс алып келген жакшы” дегендей пикирлер айтылууда. Бул салыштыруу туура эмес. Көлдө орто эсеп менен эки кишилик бир бөлмө үч маал тамагы менен жүз доллар. Орточо баа ушундай. Айына 200-300 доллар тапкан биздин жарандар үчүн 100 доллар албетте чоң акча. Бирок салыштыра келсек, Бишкектен деле кафе-ресторандардан эки киши үч маал тамактанса 100 долларга жакындап калат. Андан сырткары, жаткан жери, тейлөө кызматтары баары киргенде 100 доллар татыктуу эле баа. Кеп биздин жарандардын каражатты аз тапкандыгында, экономикабыздын чабалдыгында. Экономиканы өстүрүп, айлык маянаны көбөйтүү зарыл. Айына бир адамдын орточо айлык акысы 70 миң сом болсо, жогорудагыдай сөздөр айтылмак эмес. 

Экинчиден, Түркияга беш жылдыздуу мейманканага барып эс алсаңыз, ал жакта тамак көп, тейлөө сапаты жакшыраак. Бирок тамак арбын болгону менен супсак. Бизде аз болсо да азыктарыбыз таза. Түркиянын дарбызы менен биздин дарбызды салыштырып жеп көрсөңүз, эки башка даам. Аз болсо да даамдуу, табигый тамактарды жеп кеткен оң. Аба ырайыбыз күндүз көлгө түшкөнгө ыңгайлуу. Кечинде салкын. Жакшы эс аласың. Түркияда күнү да, түнү да абдан ысык, анан нымдуулугу жогору. Эс алганга, уктаганга, баскан-турганга оор. Үчүнчүдөн, ал жакта деңиз өтө жылуу. Чумкуп чыксаң да сергий албайсың. Туздуу. Биздин көлгө чумкуп чыксаң, сергип, жыргап каласың. Ошондуктан салыштыруу туура эмес. Баа эле эмес, жаратылыш, таза абанын да орду чоң. Биздин туристтик сезонду 7-8 айга созуп, сапатын дагы жакшыртуубуз зарыл. Башка дагы туризмдерди өнүктүрсөк, спортчулар келип машыгууларды жүргүзсө болот. Ал жер деңиз деңгээлинен 1700 метр бийиктикте болуп, машыгууга таасирдүү. Медициналык туризмге дагы аба ырайы ыңгайлуу, таза аба. Ошол жерге коронавирустан кийинки реабилитация, оор операцияларды жасап, курортологияларды жайгаштырсак туура болот эле. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер