Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Айжамал Кабылова: “Силердин сөзүңөр менин желкемдеги чаң сыяктуу”
Айжамал Кабылова: “Силердин сөзүңөр менин желкемдеги чаң сыяктуу”
14-октябрь, 12:12
2 039 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ырчы Айжамал Кабылова социалдык баракчасына негатив пикир жазган күйөрмандарына жооп узатты.
“Ит үрө берет, кербен жүрө берет”. Кээ бир өздөрүн акылдуу көрсөтүп, личкама жазып жаткандар, силердин сөзүңөр менин желкемдеги чаң сыяктуу. Ошондуктан ар кандай сөздөрдү жазып убара болбой эле койсоңор болот!” деп кайрылды ырчы айым.
Кошумчалай кетсек, “Кыз бурак” тобунда бир нече жылдар бою эмгектенип, атактуулукка жеткен ырчылардын бири Айжамал Кабылова Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында 1982-жылы 2-ноябрда төрөлгөн. 2010-жылдан тарта Айжамал Кабылова жеке ырчы катары чыгармачылыгын уланткан. “Жан-жан”, “Ак куулардын арманы”, “Айта бар арманымды”, “Күттүм сени”, “Турмуш сабагы” аттуу ырлары менен таанылган.