Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бек Борбиев: “Ушул парламенттеги, дегеле мурдагы экс-депутаттарды жолотпогула”

Бек Борбиев: “Ушул парламенттеги, дегеле мурдагы экс-депутаттарды жолотпогула”

05-июнь, 12:19
496 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Белгилүү ырчы, обончу Бек Борбиев элди шайлоодо ушул парламенттин, дегеле мурдагы экс-депутаттарды жолотпоого чакырды. Бул тууралуу ал социалдык баракчасына жазып чыкты.

Анын жазгандары толугу менен төмөндө:

“Урматтуу шайлоочулар, келе жаткан шайлоо келечекти чечүүчү шайлоо. Мурдагы, өлкөнү тоногон, кылмыштуу мыйзамдары менен мамлекетти сазга батырган депутаттардан арылалы. Ушул парламенттин, дегеле мурдагы экс-депутаттарды жолотпогула. Анткени жаңы парламентке 70, 80 пайыз мурдагылар келгени турат. 2, 3 же 4 созывтын депутаты болуп келатам дегендерди таптакыр кубалаш керек. Ошолордун айынан өлкө белчесине чейин карызга батты, мүңкүрөдү.
 Түшүнөм, бирөөсү бирөөнө тууган, жердеш же дос, балким сиздин начальнигиңиз. Же кээде олдур-чолдур сүйлөп койгону жагышы мүмкүн, ага карабаш керек. Эгерде, дагы деле биз адаттагыдай шайлоо өткөрсөк, бизге дагы деле жетелек болот. Анда сооп, чала болот.

Өкмөткө же президентке саясый эрк керек деп калабыз, а бул жолу элге, шайлоочуга саясый эрк керек болуп калды. Кооз сөзгө, акчага, убадага, айылга салып берген көпүрөгө, жолго алданбагыла. Эгер эл үчүн күйгөн азаматтар болсо жерине, уруусуна, керек болсо улутуна карабай шайлагыла!

Жетишет, өзгө болгуча өзүбүздүн бала болсун дей берип итке минип калдык.

Көздү ачып, жүрөктү ачып, туура тандоо кыла турган кезге жеттик. Азыртадан ойлон замандаш!”, – деп жазган ырчы. 

 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер