Мурдагы кабарчы Жумабеков түрктөрдүн сериалына тартылды
Келечегинен көптү үмүттөндүргөн кесиптешибиз, “Жаңы Агым” гезитинин мурдагы кабарчысы Нурмухамед Жумабеков азыр дүйнөгө дүңгүрөп көрсөтүлүп жаткан “Осмондун негизделиши” аттуу түрктөрдүн тарыхый сериалына тартылганы тууралуу баракчасына бөлүшкөн.
“Түрк киноиндустриясынын “ашканасын” ичинен көрүү буюрган экен. Көрдүк. Кесибим актёр болбогондон кийин жарым айдай кино талаасында жүргөнүмдү жар салбай эле коёюн деген элем. Бирок, бүгүн магистрдик ишимдеги илимий жетекчим, профессор агайым өзү чалып, “азамат, сени ТВден көрдүм, журналистикада окуган сен үчүн эң керектүү тармак, сүйүү-пүйүү эмес тарыхый тасмада кичине болсо да изиң калганы мени сүйүндүрдү" деди. Демек, туура эмес иш кылбаптырмын деп ойлодум. Чындыгында кино дүйнөсү таптакыр башка дүйнө турбайбы. Өзүнүн түйшүгү, азабы, күлкүсү, кайгысы бар экен көшөгө артында.
Бүгүн эле “Азаттык Медиа” бир театр актёрунун жашоо шарты тууралуу тасма чыгарган экен. Көрүп кейидим. Эмнеге дегенде, театр актёрлору кино актёрлорунан алда канча таланттуу экени талашсыз. Мисалы, түрктөрдө Бурак Өзчивит сериалдын бир бөлүмү үчүн жумасына 7 миң АКШ долларын гонорар катары алса, биздикилер 10 миң сомдук айлыкта экен”.