Ырчы Анжелика айдоочуларды окутуу керектиги тууралуу жар салды
Ырчы, жеке ишкер Анжелика Кайратова бийлик өкүлдөрүнө, мэрияга айдоочуларды бир тартипке салуу боюнча кайрылуусун Инстаграм баракчасына жүктөдү. Анда агынан жарылган ырчы айдоочуларды окутуу керектигин, керек болсо курс уюштуруп бере тургандыгын жар салды.
“Баягы эле эл эптеп жатат. Эптегенге дагы бийлик өкүлдөрү көнүп баратат. Чыдамкай элим, унчукпай, анан бир жарылып кетип жатпайбы. Жарылардан мурун кагаз бетине сунуштарды жазып, талаптарга мөөнөт коюп, анан эл менен чогуу талаптарды чечүү керек.
Биринчиден, мэрия таксисттерди иреттеп алса. Арасында психикалык жактан жабыр тарткандар да бар. Салык, соцфонддорду төлөгөнү тууралуу маалыматтар ай сайын айнегине чапталсын. Күбөлүк алсын. Аты-жөнү менен таксын! Кардарлар менен сүйлөшкөндү үйрөнүшсүн. Же акысыз курстарды уюштуруп берем (уялбашсын баргандан).
Маршруткалар 20 сом болсун, мейли. “Акчам аз” дегендер автобус, троллейбусту тандашсын. Бирок, мүмкүнчүлүгү чектелгендерди бекер ташысын! Пенсионерлерге, окуучуларга 50% арзандатуу кылып, ылдамдыктарына чектөө болсун. Жол эрежесин бузгандары штрафтарды эки эсе төлөсүн. Коом түзүшүп, көзөмөлгө алган компания болсун!
Тейлөө кызматтагылар маданияттуу кийинишсин” деп жазды ырчы.