Интернет шылуундарына 270 000 сом акчасын алдатып...
Интернет шылуундарына ири суммадагы акча алдатып жиберген Турарбек уулу Эрнис бир жылдан бери барбаган жери, кайрылбаган эшиги калган эмес. Бул жолу акыйкат издеп, үнүмдү күч органдары угуп калар деген үмүттө “Барометрге” кайрылган.
Маалым болгондой, Турарбек уулу Эрнис 2020-жылдын май айында “Лалафо” аркылуу кумшекерди дүңүнөн аларын билдирип жарнама берген. Көп өтпөй бир жигит чалып, 10 тонна кумшекери чек арадан кирип жатканын билдирип, телефон аркылуу соодалашышкан.
“Ал жигит мени менен телефон аркылуу эле сүйлөшүп, чек арадан жаңы эле кирген кумшекерди жеринен барып көрүүнү сунуштады. Мен барып, кумшекерди өз көзүм менен көрүп, колум менен кармап, сатып ала турган болдум.
Анан мен 10 тонна кумшекерди унаага жүктөп, телефондогу сатуучума чалсам, такси айдаган балага акчаны санап береп жиберүүм керек экенин айтты. Мен 270 миң сом акчаны санап берип, такси айдаган жигитти видеого тартып алгам. Анан эле ортодон “кумшекердин ээсимин” деген бир адам пайда болду. Дароо эле мен буга чейин байланышкан номурга чалсам, өчүк экен.
Көрсө, интернет шылууну, кумшекердин ээсин да “Лалафодон” таап, ага чалып, “балдар барып, товарды жүктөп кетет, анан мен сизге акчаны берем” деп алдаган экен.
Биз ошол күнү эле дароо Ленин райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылдык. Көрсө, менден акча алып кеткен такси кызматкерине көбүрөөк акча төлөп берерин айтып, акча алып келип берүүсүн өтүнгөн экен. Менден акча алган такси кызматкери башка такси кызматкерине акчаны бериптир, ал болсо бир жаш кызга бергенин айтты. Ошентип, ал кызды да таба албай калдык.
Ортодо мен эле 270 миң сом акчамды интернет шылуунуна алдатып жиберип, калып калдым. Ал эми милиция кызматкерлери акчадан түңүлүп эле коюшум керек экенин айтып жатышат. Алардын айтымында, мындай шылуундук менен түрмөдө отургандар алектенип, аларды табуу мүмкүн эмес деп жатышат” деди жаш ишкер.