Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 10%ы гана сотко жеткен
Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 10%ы гана сотко жеткен
21-январь, 00:34
2 121 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов 20-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдиргендей, былтыр үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 9025 фактыны каттоого алса, анын 947си гана сотко ашты.
«Катталган фактылардын 10%ын гана жоопкерчиликке тартуу үчүн сотко өткөрдүк» деген Урмамбетов териштирүү иштери уланып жатканын айтты.
Парламент жыйынында «Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоорун экинчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Мыйзам долбоорунда жабырлануучу тосмо арыз жазганына карабай ага зомбулук көрсөткөн кишини жазага тартуу сыяктуу катаалдашкан чаралар камтылган.
“Азия Ньюс” гезити