20 жаштагы баланын өлүмүнө шектелип кытай жараны кармалды
Ошто 20 жаштагы баланын өлүмүнө шектелип кытай жараны эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Алардын айтымында, 19-ноябрда А.Масалиев көчөсүндө 20 жаштагы жигит бычактан жаракат алып көз жумган. Окуя болгон жерге келген “тез жардам” кызматкерлери өлүм фактысын билдиришкен.
Ош шаардык милиция кызматкерлери каза болгон жаран Кара-Суу районунун 2000-жылы туулган тургуну экендигин аныкташты. Ошондой эле кылмыш болгон жерде жансыз дененин жанынан ашкана бычагы табылган.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, ыкчам топтун кызматкерлери тарабынан шектүү кармалган, ал Кытайдын Р.А. аттуу 1993-жылы туулган жараны болгон. Учурда Ош шаарында убактылуу жашап, коомдук тамактануучу жайлардын биринде иштечү.
“Кылмышка шектүүнүн айтымында, ал мындай кылмышты жасаган, анткени мас абалындагы жабырлануучу аны ур-токмокко алып, ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинткен, ошондуктан ал каршылык көрсөтө албай, чөнтөгүнөн бычакты сууруп, сайып жиберген. Андан кийин коркуп, кылмыш болгон жерден качып кеткен” деп билдирди милициядан.