Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурбек Эстебесов: “Мурда аялдарды күнөөлөшчү, азыр тукумсуздукка кабылган эркектер көбөйдү”

Нурбек Эстебесов: “Мурда аялдарды күнөөлөшчү, азыр тукумсуздукка кабылган эркектер көбөйдү”

25-октябрь, 09:00
394 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Учурда урологияга кайсы дартка чалдыккандар көп кайрылат?

-- Бизге жыныстык жактагы маселелер менен эркектер көп кайрылышат. Жыныстык алсыздык, простатит, андан тышкары, заара таштары оорулары да өтө көп кездешет. Анткени Кыргызстан эндемиялык зона болуп болуп эсептелет. Айрыкча түштүк жергесинде көп. Андан тышкары, аксакалдар заара кыла албай калышып, аденома, простата дарттары кыйнап келет. Анан алар заманбап лазердик дарылоо жана операциялар менен сакайышат.

-- Балалуу боло албай кыйналгандардын саны да улам арбып бара жатат. Себеби эмнеде?

-- Мурда балалуу болбой калганда жалаң эле аялдарды күнөөлөшчү. Буга чейин 70%ы аялзатынан, 30%ы эркектерден болсо, азыр тукумсуздук менен жабыркаган эркектердин саны аялдарга салыштырмалуу 50%дан да ашып кетти. Анын себептери да ар кандай. Биринчиден, экологиянын бузулушу, туура эмес тамактануу, кыймылдын аздыгы, жыныстык катнаш аркылуу жуга турган инфекция, ал эми жаш балдарда варикоз дарты көп кездешет. Тамак-аш салынган пластикалык бөтөлкөлөр зыяндуу зат бөлүп чыгат. Аба булганышы, тамактарда химикаттын көптүгү – мунун баары эркектин тукумсуз болуп калышына таасирин тийгизет. Эң биринчи ошол уруктуктар жабыркайт. Ошондуктан пластик идиштерден алысыраак болгон оң.

-- Бөйрөк ооруларынын курчушуна токтолсоңуз, эмнеси менен коркунучтуу?

-- Учурда бөйрөктүн түрдүү оорулары кездешүүдө. Бөйрөктөрдөгү таштар жана өнөкөт сезгенүү оорусу. Ал эми бөйрөктүн таптакыр эле отказ бергенин гломерулонефрит дейбиз. Булар тукум куучу оорулар болуп эсептелет. Азыркы учурда бул чоң көйгөйгө айланды. Анткени бизде транцплантация жагы өнүккөн эмес. Гемодиализ алышат, анын процедуралары да кымбат. Бул бөйрөк ооруларынын жетишсиздигине алып келип, акырындап гемодиализ алууга же бөйрөк алмаштырууга жеткирет. Тилекке каршы, бөйрөк алмаштыруу маселеси Кыргызстанда чечиле элек. Бул маселе чечилсе, балким, көп жеңилдиктер болмок. Анткени бул гемодиализге караганда, элге да, мамлекетке дагы үнөмдүүрөк болмок. 

Гломерулонефрит деген эмне?

Бөйрөк оорулары өз ичинен ар түрдүү болуп бөлүнөт. Гемодиализге жетип калган түрү гломерулонефрит деп аталат. Мында жөнөкөй эле ангина, скарлатина, пневмония ооруларынын микробдору убагында дарыланбай жүргөндүктөн, бөйрөккө, муундарга отурукташат. Мындан улам бөйрөктүн фильтрация жасаган функциясы иштебей, белокту кармай албай, жаман шлактарды сыртка чыгара албай калат. Ушундан улам оору пайда болуп, адам жабыркай баштайтБалдар, чоңдор да ачуу, туздуу тамактарды чектеп жеп, суюктукту жетиштүү көлөмдө ичиш керек. Анткени суюктук организмдеги зат алмашууну жакшыртат, жаман заттарды бөлүп чыгарат.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер