Сицилия коркунучундагы Кыргызстан... Милиция шалга айландыбы?
Буга чейин ишкерлердин жүз миңдеген, миллиондогон долларлары уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан тонолуп, бирок, табылбай келгенин эчен ирет жарыяладык. Тилекке каршы, милиция ишенимди актабай, мамлекеттин аброюн кетирип, элдин убалына калууда. Көрсө, министр Кашкар Жунушалиев оперативдүү кызматтарда иштебеген, тек гана форма кийип жүргөн бир байкуш беле?..
30-сентябрда Өзгөндөн “Республиканын” тарапташын бычактап, өлтүрүп кетти. Буга чейин Ысык-Көлдө, Нарында, Чүйдө ж.б. аймактарда аталган партиянын активисттерине кысымдар, коркутулуулар болуп келген. Бирок милициянын мыйзам чегиндеги аркеттерин көрө алдыкпы?
Башка партиялардын ортолорунда дагы пикир келишпестиктер, уруш-талаштар дайыма катталып келди. Атургай Араванда массалык мушташ чыкканына күбө болдук. Ал райондун начальник милициясы иштен алынды. Булар ушундай гана жеңил жаза менен кутулуп кетишет тура. Аныгында, алдын ала коомдук-коопсуздукту кароо, элдин тынчтыгын сактоо таризиндеги аракеттер эмнеге көрүлбөйт? ИИМдин башчысы жараксыз болсо, кайдагы тартипти күтмөк элеңер?
Аз күн мурда түрк жаранынын автокырсыкка учуратышып, жанындагы 80 миң сомун тоноп кетишкен. Мамлекетибиз чет элдик жарандардын инвестор катары иштешине шарт түзүп бериши керек эле, бирок тонотуп жатабыз! Ылдыйкы Ала-Арчадан бир үй-бүлөнү сыздатышып, атасын чала жан, кызын өлтүрүп кеткен кылмышкерлер дагы эле табыла элек. Милиция эшек такалап жүрөбү?
Республика боюнча барган сайын кылмыштуулук курчуп, кордук көрсөтүү, сабап кетүү, бычакташуу, өлтүрүүлөр арбыды. Инвестициялык климатты талкалап тынышты! Министр Кашкар Жунушалиев “жапан корозундай” сыланып-сыйпанып, эмне иш кылып атканы белгисиз. Элдин шоруна калууда, жоопкерчиликке тартылабы? Ансыз да өлкөдө коопсуздук камсыздалбай, мамлекеттин аброю кетип, бийликтин рейтинги түштү! Дагы канчага чейин чыдайбыз? Же Сицилияга айланабызбы?..
Aryba.kg