Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Кылмыш дүйнөсү күч алды. Министр Жунушалиев иштей албаса кетпейби?
Кылмыш дүйнөсү күч алды. Министр Жунушалиев иштей албаса кетпейби?
28-сентябрь, 14:41
1 585 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Аз күн мурда түрк жаранын автокырсыкка учуратып, жанындагы 80 миң сомун тоноп кетишкен. Ансыз да инвесторлор келбей аткан өлкөбүзгө мындай көрүнүш октой эле кадалат... Ылдыйкы Ала-Арчадан болсо куралдуу кылмышкерлер бейкүнөө үй-бүлөгө бүлүк салышып, 26 жаштагы кызды өлтүрүшүп, атасына да кол салышкан. Сыягы, үйдү тоногонго үлгүрбөй калышкан. Береги эки кылмыш тең соңку бир жуманын аралыгында катталгандар. ИИМ башта “ОПГ жок” деп билдирүү тараткан. Барган сайын кылмыштуулук өсүп, коомдун бейкүнөө катмары жабыр тартууда. Министр Кашкар Жунушалиев каякты карап отурат? Иштей албаса кетпейби?..
Aryba.kg