Алты балалуу аял беш баласын өз колу менен өлтүргөн…
Германиянын батышында үрөй учурган окуя болду. Болжолдуу маалыматтар боюнча, 6 балалуу аял 5 баласын өз колу менен өлтүргөн. Андан кийин өз өмүрүн кыюуга аракет кылган...
5 баланын денесин полиция кызматкерлери Золинген шаарындагы көп батирлүү үйдөн табышты. Алар: 18 айлык кыз, 2 жана 3 жаштагы, 6 жана 8 жаштагы эркек балдар. Башкы шектүү маркум балдардын 27 жаштагы апасы. Учурда тергөө, тактоо иштери жүрүп жатат.
Полиция кызматкерлерине шектүүнүн апасы байланышып, кызы алтынчы баласын ээрчитип алып белгисиз жакка кеткенин билдирген. Шектүү Дюссельдорф шаарында поезддин алдына өзүн таштап, рельстердин ортосуна кулап түшкөн. Ал өлбөй калып, ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алды. Учурда анын 11 жаштагы уулу гана аман.
Азырынча окуянын чоо-жайы жана өлүмдүн так себеби белгисиз. Расмий эмес маалыматтар боюнча көз жумган балдар көп өлчөмдөгү дары ичишкен. Ал эми кошуналары бул үй-бүлө тынч эле жашап жүрүшкөнүн, буга чейин балдардын атасы өз өмүрүнө кол салууга аракет кылганда аялы куткарып калганын айтышкан.
Полиция окуядан кийин балдардын атасы байланышка чыкканын билдирди.
“Баракелде”