Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Бүгүн Бишкекте адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды
Бүгүн Бишкекте адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды
26-май, 12:05
417 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бишкек шаарынын Лев Толстой менен Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде «Мерседес-Бенц», «Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү унаалар менен скутер кагышып, адам өмүрү кыйылды. Окуя бүгүн, 26-майда эртең менен болгон.
Бишкектин ыкчам медицина борборунун жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдиргендей, “тез жардам” кызматына чакыруу саат 08:38де түшкөн.
«Скутердин айдоочусу алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болду. Ал эми "Мерседестин" айдоочусу Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий-изилдөө борборуна жаткырылды. Бейтаптын абалы орто оор» деди ал.
Милициянын кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, окуя болгон жерде кызматкерлер иштеп жатат.