Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Бишкекте түнкү клубдан ок атылды
Бишкекте түнкү клубдан ок атылды
05-декабрь, 12:24
303 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бишкектин Валиханов көчөсүндө жайгашкан Promzone түнкү клубунда ок атылды.
Маалым болгондой, 5-декабрда милиция кызматкерлерине борбор калаанын тургуну кайрылган. Анын айтымында, 4-декабрга караган түнү саат төрт жарым чамасында ал башка эс алуучулар менен уруша кеткен. Натыйжада эс алуучулардын бири ага ок чыгарган.
“Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен электрондук журналга катталды. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган З.М., жана 1988-жылы туулган М.В. кармалды. Кармалган шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат”, -деп айтылат маалыматта.