Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Макалёнун” кабинетин ээлеп, көчөгө атын койдурган Камчыбек Жолдошбаев

“Макалёнун” кабинетин ээлеп, көчөгө атын койдурган Камчыбек Жолдошбаев

22-январь, 17:01
2 438 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңеште кабинеттер бир четинен оңдолуп, “чимкириктер” орун ала баштаптыр. Сокенин кабинетине балпайып барып Талант Мамытов отуруптур. Ал эми мурунку спикердин (атың өчкүр, ии баса, “Макалёнун”) кабинетине көпөс Камчыбек Жолдошбаев көчүп барганын эшиттик. “Эмне үчүн мындай?” десек, ал Жогорку Кеңештин ремонтуна миллион сом берген имиш. Ошон үчүн өзү да чоң, сөзү да өтүмдүү болуп, калгандары “койчу эми, аны менен эсептешип болбойт. Чыр неме, былжытмага тийишпей эле коёлу, билген намазын окусун. Ансыз да биздин кетерибизге аз убакыт калды” дешип тынчышкан окшойт. Эске сала кетсек, бул көпөс жакында эле өзү туулган Кызыл-Туу (Ат-Башы району) айылынын бир көчөсүнө атын койдуруптур. “Кайсы эмгеги үчүн? Же бу киши эбак эле “артты” карап кетти беле? Өмүрүн берсин...” деп айылдаштары аң-таң болууда. Мына сага кызык! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер