“Ширшовдун схемасы” кайра иштей баштадыбы?”
Алексей Ширшовдун Кыргызстанга ээн-эркин кирип жүргөнү жана жарым күн кармалып, кайра коё берилиши Кыргызстандагы коррупция менен күрөшкө көө жапты. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди. Анын айтуусуна караганда, Алексей Ширшов акыркы бир жылда Кыргызстанга эркин кирип жүрөт.
“Ширшов деген фамилия “коррупция” деген сөздүн синоними. Ал акыркы бир жылда Интерпол, биздин укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөнүнө карабастан, Кыргызстанга ээн-эркин кирип жүрөт. Мен чек ара кызматына суроо-талап жөнөтүп жатам, азыркы күнгө чейин жооп бербей келет. Мына ушундай энергетикалык коррупциялык схеманын түзүүчүсү жарым күн камалып, кайра коё берилди. Эмне, коррупция менен күрөш ушулбу? “Ширшовдун схемасы” кайра иштеп баштадыбы Кыргызстанда? Ширшовдун канча кирип чыкканы боюнча суроону чек ара кызматы жашырат, ортого адам салышат, мындай болбош керек. Азыркы коррупция менен күрөшкө бул окуя көө жапты” деди Акаев.
Эскерте кетсек, “Дастан” заводунун мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов 9-майда УКМК тарабынан кармалып, 10-майда үй камагына чыгарылган.