Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каражаты жок айымдарыбыз бир мандаттуу округдан аттана албай калды

Каражаты жок айымдарыбыз бир мандаттуу округдан аттана албай калды

30-октябрь, 22:26
682 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Бу жолку парламенттик шайлоодо бир мандаттуу округдан койгон талапкер аялдардын саны абдан аз экен, эмнеден улам деп ойлойсуз?” деген суроону бизде белгилүү укук коргоочу айымдарга бердик.

Азиза Абдрасулова:

-- Бул суроого кыскача жооп берүү кыйын. Себеби, эркектерге караганда аялдардын бир топ түйшүгү бар да. Ошол эле үй-бүлө, бала-бакырадан башка саясат, бизнесте аралашып жүрүшөт. Мындан сырткары, шайлоодо баардык нерсе каражат маселесине такалат. Күрөө коюш керек, үгүт учурунда да каражат талап кылынат. Дагы бир маселе бар: биздин менталитетте аялдар тилектештиги жокко эсе десем жаңылбайм. Биз канчалык эркектердин жаман жагын айта бергенибиз менен, ишеничти кайра эле эркектерге бере беребиз. Ошондуктан аял талапкерлер эркектердин арасынан сүрөөндө озуп чыгып кетерине ишене алышпайт. Ар бир округдан он адам коюлуп атса, анын тогузу эркек болуп атса, сүрүнөн деле чочулап, “мени ким колдомок эле?” дешет. Бизде ушундай нерсе калыптанып калган. А чын-чынына келгенде, жаныбызда турган аялга добушубузду бергенден тартынып, эркектерге берип коёбуз. 

Динара Ошурахунова:  

-- Анткени аялдардын шарты аз, экономикалык, каражат, социалдык жагынан аялдардын шарты төмөн. Жергиликтүү коомчулук көбүнчө диний лидерлерди угуп, “аялдардын орду казандын жанында” деп колдоосу аз. А бирок 30 жылдан бери бийлик жалаң эркектердин колунда болуп, өлкөбүздүн деңгээли кандай экени көрүнүп эле турбайбы. Демек, бийликте лидер аялдар болгону абдан керек. Бирөөнүн кызы, эжеси эмес, так лидер, ишмердүүлүгүн көргөзгөн, парламентке келгенде бизнес жасап унчукпай отуруп албай, элдин таламын талашкан лидерлер керек. Аялдардын арасында андайлар бар, бирок добуш сатып алуу көйгөйү жоюла эле. Ошондуктан акчасы бар, бийлиги бар, криминал же башка жардамчылары барлар ар кандай жол менен өтүшөт. Алар менен каражаты, бийлиги, жардамчы топтору жок аялдар атаандаша албайт. Ал эми эл, жергиликтүү коомчулук аялдарга колдоо көргөзүп турса, балким бара-бара аялдардын шарты да өзгөрүп, көбүрөөк катышып калар...

Төлөйкан Исмаилова:

-- Эске салсак, бир жылдары эркектерден турган парламент келген. Арасында бир да аял жок. Аны да башыбыздан өткөрдүк. Азыркы параментке партиялык тизме менен келе тургандарга кворум болуп, аялдарга, башка улуттун өкүлдөрүнө, жаштарга орун берилгени менен, бир мандаттуу округдан шайлана тургандарга андай артыкчылык жок. Ошондуктан аялдар келип калат деген үмүт аз. Бир четинен аялдарды басмырлоо саясаты жүрүп жаткандай шек жаратат. Ошону менен катар айымдарыбыз финансылык жана башка чектөөлөрдү анализдеп, саясатка баргандан баш тартканы аябай өкүнүчтүү жагдайды жаратууда. 

Токтайым Үмөталиева:

-- Биринчиден, бу жерде соода-сатык системасы жүрүп жатат. “Парламентке аттанабыз” деген аялдардын каражаты азыраак. Басымдуу бөлүгү аялдардан куралган партияны парламенттик шайлоого аттантайын деген демилгемди, болгон күч-аракетимди ар кандай жолдор менен БШКга киргизбей жатат. Негедир “биздин айымдарга карата атайын каршы саясат жүрүп жатабы?” деген түшүнүк пайда болду. Аялдар кириш үчүн чоң акча керек экенин билдик. Ал эми акчасы жоктор алдыга жыла албай атышканын айтпасак да түшүнүктүү. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер