Камактагы блогер өзүнүн тамырын кескен
Блогер Батмакан Жолдубаева убактылуу кармоочу жайдан кан тамырын кескен. Бул тууралуу жактоочу Назгүл Сүйүнбаева билдирди.
Анын айтымында, блогерди камакка калтыруу боюнча мурдагы инстанциядагы чечимин Баткен облустук соту күчүндө калтырган. Адвокаттын айтуусунда, блогер орозо кармап жаткан, бирок анын туугандары алып келген тамак-ашты блогерге берүүсүнө мүмкүнчүлүк берилген эмес.
Буга чейин Баткен облусундагы сот отурумуна катышуу үчүн келген жактоочуга Батмакан Жолдубаева убактылуу кармоочу жайдын жетекчиси жана изолятордун башка кызматкерлери тарабынан коркутууларга дуушар болуп жаткандыгын айткан. Сот отурумунан кийин жактоочу убактылуу кармоочу жайдын жетекчиси менен жолугушкан, “бирок, биз кетерибиз менен алар блогерге кайра эле басым көрсөтүшүп, натыйжада блогер өз тамырын кыйган” деп билдирет Назгүл Сүйүнбаева.
Эскерте кетсек, буга чейин Баткен облусундагы журналист Арзыгүл Галымбетова каза болгон. Ал ага чейин Facebook баракчасына “блогерлер Батма Бат жана Роза Мамановалар кара дуба акылуу мени өлтүргөнү жатышат” деп билдирүү тараткан.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, блогер Батмакан Жолдубаева камакка алынган.