Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Жанар Акаев: "Маркум Айзаданын апасы жазага тартылган кызматкерлер кайра жумушка алынганын айтты"
Жанар Акаев: "Маркум Айзаданын апасы жазага тартылган кызматкерлер кайра жумушка алынганын айтты"
05-апрель, 17:57
1 389 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети менен укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен жыйыны өтүүдө.
Жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин 2021-жыл боюнча отчету угулуп жатат. Анын жүрүшүндө депутат Жанар Акаев туура бир жыл мурун Айзада Канатбекова каза болгонун, анын өлүмү өлкөдө резонанс жаратканын эске салды.
«Ошондо 40тан ашуун милиция кызматкери жумуштан алынган. Бирок Айзаданын апасы “бир жыл өтсө да кылмыш иши аяктаган жок, керек болсо шалаакылык үчүн жазага тартылган милиционерлер кайрадан кызматка орношуп жатат” деп айтып жатат» деди Акаев.
Ал башкы прокурорго кайрылып, ушул маселени көзөмөлгө алууну суранды. Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев кызматтык териштирүүнүн негизинде бир нече адам жумуштан алынганын айтты.