Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкекте 7 жашар бала сүннөткө отургузгандан кийин каза болду

Бишкекте 7 жашар бала сүннөткө отургузгандан кийин каза болду

05-апрель, 12:10
1 213 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришкендей, окуя 2-апрелде болгон.

Белгилүү болгондой, милиция кызматкерлерине №3 балдар ооруканасынан билдирүү түшкөн. Анда оорукананын хирургия бөлүмүндө бала каза болгондугу маалымдалган. Жерине ыкчам тергөө тобу барганда төмөнкүлөр аныкталган.

“Улуттук госпиталдын дарыгери К.Т. 2015-жылы туулган Ш.А. аттуу балага жергиликтүү наркоздон берип сүннөткө отургузган. Андан кийин эле 7 жаштагы бала №3 балдар ооруканасынын хирургия бөлүмүнө “Платтер синдрому, катуу жарааттан кан кетүү” диагнозу менен жеткирилип, эсине келбей каза болгон.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөө амалдары улантылып жатат” деп билдиришти маалымат кызматынан.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер