Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » УКМК: Чүй облусунун ИИББнын ыкчам кызматкерлери менен биргеликте пара талап кылуу боюнча издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

УКМК: Чүй облусунун ИИББнын ыкчам кызматкерлери менен биргеликте пара талап кылуу боюнча издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

22-февраль, 20:34
1 527 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

  2022-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын УКМК жана Чүй облусунун ИИББ кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси, ири суммадагы акча каражатын талап кылуу жана 170-беренеси, адам уурдоо фактылары боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын негизинде, мурда издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын 1991-жылы туулган А.у.О. аттуу жараны Бишкек шаарынан кармалды. 

    Белгилей кетсек, буга чейин М.Д.Б. аттуу жаран КР УКМКга аны физикалык күч колдонуу менен шаардын четинде жайгашкан Байтик айылына алып чыгып, Бишкек шаарынын Ош базарындагы сатуучу жайын талап кылып ур токмоко алгандыгы туралуу уюшкан кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрүнө чара көрүү боюнча кат жүзүндө кайрылган.

    2020-жылдын аягында О.у.А. издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген. 2022-жылдын 21-февралында Чүй облусунун ИИББнын маалыматына ылайык жогоруда издөөдө жүргөн жаран кармалды.

    Кармалган О.у.А. КРнын ЮМ караштуу Жаза аткаруу кызматынын №1-тергөө камак жайына киргизилди.

    Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер