Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевдин тиреши эмне менен бүтөт?
Жуманын негизги окуясы – Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевдин “сүзүшө” кеткени болду. “Азаттыктын” эфиринде “вы никто!” деген Текебаевдин сөзү юрист Зулпиевге эмес, бийликте убактылуу отурган “досторго” багытталганын аңдагандар дароо түшүндү. Садыр Жапаров жума күнү “жүзү каралардын жүзүн ачам!” деген интригасы дүйшөмбүгө чейин сакталып, бирок эл күтүп жаткан эффектти берген жок. “Резонанс болот” деп жаткан жаңылык баягы Сегизбаевден калган “Маевский иши” экен... Биринчиден, “Маевский иши” коомдук пикирде эбак Текебаевдин пайдасына чечилген, тергөө далилдеп бере алган эмес. Экинчиден, бул иш боюнча Текебаев отуруп чыккан. Үчүнчүдөн, бир иш үчүн эки жолу камабайт. Кыскасы, бомба жарылбай калды. Текебаевдин да байкатпай туруп капшыра “сүзгөн” адаты бар эле, байкайлычы...
"Азия Ньюс" гезити