Гүлзат Мамытбек күйөөсүнө жалган жалаа жапканы үчүн соттолобу?
Жогорку сот Гүлзат Мамытбектин мурунку жолдошу Талант Курманкуловду актады. Бул тууралуу жактоочу Икрамидин Айткулов 24.kg сайтына маалымдады.
Гүлзат Мамытбек буга чейин “балдарыма жолугууга барсам, мурунку жолдошум кол көтөрдү” деген арыз менен милицияга кайрылган. Сот эки ирет тең Талант Курманкуловду күнөөсүз катары тапкан.
“Прокуратура Жогорку сотко көзөмөлгө алынуучу даттануу жөнөткөн, бирок сот коллегиясы аны кабыл албай койгон. Талант Курманкулов толугу менен акталды. Гүлзат Мамытбектин далилдери ынандырарлык болгон эмес. Эми биз анын жалган билдирүүсү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылуусун талап кылабыз” дейт жактоочу.
Эске салсак, Гүлзат Мамытбек балдарын мурунку жолдошунан ала албай жүргөнүн билдирген. Анын айтымында, балдарын көрүү үчүн барганда Талант Курманкулов ага кол көтөргөн.
Aryba.kg