Кара-Балтада белгисиз аял колундагы баланы жерге ыргытып жиберген
Маалым болгондой, окуя 5-октябрда саат 17:30 чамасында Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы кварталында катталган.
Видеодон кызгылт түстөгү курткачан аялдын 4 бала менен бара жатып, колундагы баланы жерге ыргытып жибергенин, андан кийин аны кайра жерден алып, көтөрүп кеткенин көрүүгө болот.
Окуянын күбөлөрү кабарчыга аялдын жүзүн тартууга жетишпей калышканын, болбосо видеону укук коргоо органдарына өткөрүп беришмегин айтышкан.
«Ал баланы тоңгон тооктун буттарын сындыруу үчүн ыргыткандай ыргытты. Кадимкидей үнү угулду. Өтүп бараткандардын айрымдары аялды көздөй басканда, качып кетти» дешти алар.
Окуянын күбөлөрү балдар болжол менен бир куракта экенин белгилешти. Балким, алар менен жеке бала багуучу болгондугун кошумчалашты.
Turmush