Ошто ага-ининин ортосундагы уруш өлүм менен аяктады
Ош шаарындагы Манас-Ата кичирайонунда бир туугандар ортосунда уруш чыгып, бычактан алган жаракатынан улам иниси каза болду. Ош ШИИБнин маалымат кызматынан кабарлашкандай, окуя бүгүн, 21-сентябрда эртең менен болгон.
“1993-жылы туулган М.Д. аттуу жаран эртең менен мас абалында үйүнө барып, бир тууган агасы менен уруша кеткен. Алардын жаңжалына апасы аралашып, саат 6:30дарда баланы эс алсын деп жаткырып коюшкан. Бир аз убакыт өткөндөн кийин М.Д. агасына келип, кайра уруш чыгарган. Бул учурда агасы ачуусу менен инисинин санына бычак сайган. Алган жаракатынан улам М.Д. каза болгон. Агасынын айтымында, иниси күндө ичип келип, жаңжал салчу” дешти мекемеден.
Бир тууганынын өлүмүнө шектүү адам 1990-жылы туулган. Убактылуу эч жерде иштебейт, ажырашкан, бир кызы бар.
“Супер кж”