Жээнбеков: Жемкорлук менен күрөшкөн органдарды тазалаш керек
Президент Сооронбай Жээнбеков жемкорлукка каршы күрөшүүдө мамлекетте эрк бар экенин, анын алкагында коррупция менен күрөшкөн органдарды тазалоо жүрүп жатканын “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде белгиледи.
«Коррупция менен күрөш— оор маселе. Биз азыр ушул жаатта күрөшүп жатабыз», — деди президент Сооронбай Жээнбеков.
«Эң негизги маселе — биз коррупция менен күрөштү жакшыртыш үчүн ошол жемкорлук менен күрөшүп жаткан органдардын өзүн тазалашыбыз керек. Бул кайсы органдар? Милиция, прокуратура, сот системасы, Финансы полициясы жана Эсептөө палатасы. Ошондо гана жыйынтык болот. Тазалоо процессин улантабыз, туура эмес адамдардан арылабыз», — деди өлкө башчысы.
Мамлекет башчы эл коррупцияга каршы аёосуз күрөштү колдоп жатканын айтып, алдыга коюлган максаттардын бардыгы ишке ашат деп ишендирди.