Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Рак илдетине чалдыккан айымдардын акчасын кимдер тоноду?
Рак илдетине чалдыккан айымдардын акчасын кимдер тоноду?
04-февраль, 12:31
343 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Рак илдетине чалдыккан бир нече айым «чөнтүкчүлөргө» кайрылып, алардан уурдалган каражатын кайтарып берүүсүн өтүнүштү. Окуя бир апта мурда Бишкек шаарындагы «Мадина» базары тарапта катталган. Буюртма менен баштык тигип сатып, дары-дармегине акча тапкан айымдар кездеме алуу үчүн соода жайына бара жатышканда акчаларын «чөнтүкчүлөр» уурдап кетишкен.
Ал 18 миң сом акча онкологиялык ооруга чалдыккан адамдардын өздөрү иштеп тапкан каражаты болгон. Андыктан алар баштык тигип сатуу, анын арты менен оор илдетке делген дармектерди алуу мүмкүнчүлүгүнөн куру калышкан.
Aryba.kg