Сүйүктүүсүнө ачууланган жигит башка бирөөнүн унаасын өрттөп...
Жалал-Абад облусунун Аксы райондук соту башка бирөөнүн унаасын өрттөп жиберген Мирбекке (ысымы өзгөртүлдү) карата козголгон кылмыш иш боюнча өкүм чыгарды. Кылмыш иш Жазык кодексиндеги 205-берене (“Бөтөн мүлктү жок кылуу же бузуу”) боюнча козголгон. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.
Айыпталуучу Мирбек буга чейин соттолгон эмес. Ал жабырлануучу Нуржанга (ысымы өзгөртүлдү) таандык унааны өрттөп жиберген.
Мирбектин айтымында, окуя болгон күнү ата-энесин конокко алып барып, андан кийин достору менен жолуккан. Сүйлөшкөн кызы Жазгүлгө (ысымы өзгөртүлдү) телефон чалса, ал жооп берген эмес. Ага ачууланып, түндө Нуржандын унаасын өрттөгөн. Ал күнөөсүн мойнуна алып, жеңил жаза берүүнү суранды. Ал эми жабырлануучу Нуржан окуя болгон күнү унаасын сырткы короого токтотконун билдирди.
«Түнкү саат 03:55 чамасында сырттан тарсылдаган үн угулду, терезеден карасам унаам күйүп жатыптыр. Өрт өчүрүүчүлөрдү чакырып, алар өрттү өчүрүштү» деди ал.
Анын айтымында, өрттүн кеспетинен 550 миң сом материалдык зыянга учурады. Тергөө учурунда айыпталуучу менен элдешип, Мирбек 520 миң сом төлөп берген. Ал эми 30 миң сомдон баш тарткан.
Соттун токтомундагы маалымат боюнча, Нуржан тосмо арыз жазып берген. Ал эми өрттөлгөн унаа базарда болжол менен 350 миң сомдон 400 миң сомго чейин бааланат.
Жыйынтыгында сот Мирбек күнөөсүн мойнуна алып, жабырлануучуга келтирилген материалдык чыгымды төлөп бергенин эске алып, 60 миң сом айып салып, 1 жылга пробациялык көзөмөлгө алуу чечимин чыгарды. Аны көзөмөлдөө Аксы райондук пробация кызматына жүктөлдү.