Пригородное айылында 15ке жакын аял өздөрүн өрттөгөнгө аракет кылышты
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Пригородное айылынын 15ке жакын тургуну банктан алган насыяларын төлөй албай калгандыктан өздүрүн өрттөйбүз деп жатканы тууралуу маалымат соцтармакка таркаган.
Маалым болгондой, 15-апрелде Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратында 15ке жакын аял өздөрүн өрттөгөнү жатышат делген маалымат интернетке желдей таркаган.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, аялдар банктан алган насыясын төлөй албай калып, үйлөрүн алдырып жиберүү коркунучунда турушкан. Алар банктардан үстөк пайызды төмөндөтүүнү талап кылып жатышат.
Ал эми, окуя болгон жерге Чүй ОИИББинин жетекчилиги жана кызматкерлери жөнөп кетишкени маалым болду.
"Учурда Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери аялдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коомдук коопсуздукту сактоо иш-аракеттерин жүргүзүп жатышат", - деп айтылат маалыматта.