Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирус коркунучу: Касымалиева менен Дүйшалиев шек жаратты

Коронавирус коркунучу: Касымалиева менен Дүйшалиев шек жаратты

13-март, 13:04
1 052 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин депутаттары Абдыбек Дүйшалиев менен Аида Касымалиева 14 күндүк карантинге алынды. Бирок алар карантинди үйүндө өткөрүшөт. Бул тууралуу депутат Аида Касымалиева “Кактус.Медиа” маалымат сайтына билдирген.

Маалыматтарга ылайык, депутаттар Германияда иш сапары менен болуп келишкен. Жаңы алгоритмге ылайык, аталган өлкөдөн келген жарандар 14 күндүк карантинде болушу шарт.

“Бизди Германиядан коронавируска текшеришти. Стамбулдан текшеришкен жок. Белгилеп кетиш керек, Кыргызстанда коронавируска абдан дыкат текшеришти. Азыр өзүмдү жакшы сезип жатам. Үйдөн иштейм,” – деп билдирген Аида Касымалиева.

Ал арада, соцтармактарда карантинге үйгө чыгарууга болобу, жөнөкөй жарандар карантинди ооруканадан өтөт, булар үйүндө, кош стандарттуулук (!) деп сын айткандар да болууда. Анан калса, Европа өлкөлөрүндө коронавирус жайылып атканын билип турушуп, айланганы барышабы?..

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер