Кайрадан эле ала качуу. Чүйдө 17 жаштагы кызды ала качкан шектүүлөр кармалды
Чүй облусунун Жайыл районунда кыз ала качууга шектелип үч жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-апрель күнү Жайыл РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Дөбө айылынын жашоочусу кайрылып, анын жашы жете элек 2003-жылы туулган кызын белгисиз балдар никеге туруу максатында ала качып кетишкенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй ОИИББнин жана Жайыл РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдарынын натыйжасында, жогорудагы окуяга шектелип 1999-жылы туулган С.А., С.М. жана 1998-жылы туулган Ш.Б. аттуу балдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Милиция кызматкерлери тарабынан 2003-жылы туулган кыз ата-энесине кайтарылып берилген. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.